Мектепте окуучулардын тамактануу системасы кандай өзгөрүүдө?

Коом Загрузка... 14 Июнь 2026 20:30
IMG_8043.png

Балдардын ден соолугу менен туура тамактануусу — өлкөнүн келечеги курула турган негизги пайдубал болуп саналат. Ошондуктан бүгүнкү күндө мектепте берилген тамак-аштын сапаты мамлекеттин социалдык милдети катары гана эмес, өсүп келе жаткан муунга багытталган стратегиялык инвестиция катары каралууда.

Кыргызстан окуучулардын мектептердеги натыйжалуу тамактануу системасын түзүүгө көптөгөн жылдардан кийин жетишти. Бул демилге 2006-жылы башталып, дал ошол жылы өлкөдө башталгыч класстардын окуучулары үчүн акысыз тамак берүү киргизилип, бир балага болгону 7 сом өлчөмүндө каражат каралган. Мындай шартта окуучулардын тамагы көбүнчө бир булочка жана бир стакан сүт менен чектелчү. 2013-жылы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, “Мерсико” жана ФАО менен биргеликте ишке киргизилген мектептик тамактанууну оптималдаштыруу программасы маанилүү этап болуп, окуучулардын рационун кыйла тең салмактуу кылууга шарт түзгөн. Бирок бул багыттагы эң маанилүү кадамдардын бири - президент Садыр Жапаровдун 2027-жылдын 1-январынан тартып 1–4-класстын окуучулары үчүн тамактанууга бөлүнгөн каражаттын өлчөмүн бир күнгө 14 сомдон дароо 40 сомго чейин көбөйтүү тууралуу демилгеси болууда.

Каржылоонун көбөйүшү мектептерди толук кандуу ысык тамак менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Балдардын күнүмдүк рационуна эт, балык жана сүт азыктары кошулат.

Бул чечимдин ден соолукка пайдасынан тышкары дагы эки маанилүү максаты бар. Биринчиден, мектептердеги тамактын сапаты шаарларда да, аймактарда да бирдей болуп, аймактар арасындагы теңсиздикти жоёт. Экинчиден, бул кадам башталгыч класстын окуучуларынын ата-энелеринин чыгымдарын кыйла азайтат.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, 1–4-класстын 534 миң окуучусун бир окуу жылы бою тамактандыруу үчүн жалпысынан 1 млрд 465 млн сом бөлүнөт. Каражат аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

Чүй облусу: 100 миң окуучу үчүн 260 млн сом;

Баткен облусу: 63 миң окуучу үчүн 170 млн сом;

Жалал-Абад облусу: 135 миң окуучу үчүн 265 млн сом;

Ысык-Көл облусу: 48 миң окуучу үчүн 210 млн сом;

Нарын облусу: 27 миң окуучу үчүн 100 млн сом;

Ош облусу: 134 миң окуучу үчүн 370 млн сом;

Талас облусу: 26 миң окуучу үчүн 90 млн сом.

Финансы министрлигинин социалдык чөйрөдөгү чыгымдарды пландаштыруу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Курманбеков “Кабар” агенттигине билдиргендей, 2025-жылы республикалык бюджеттен мектептик тамактанууга иш жүзүндө 1 млрд 136,5 млн сом жумшалса, 2026-жылы бул сумма 1 млрд 495,9 млн сомду түздү. Ал эми 2027-жылы кошумча дагы 2 млрд 935,1 млн сом талап кылынат.

“Бул демилгени ишке ашыруу балдардын ден соолугун чыңдоого, окуучулардын мектептеги тамактануусунун сапатын жогорулатууга жана республиканын бардык аймактарындагы окуучулар үчүн бирдей шарттарды түзүүгө багытталган”, - деди Курманбеков.

Учурда Кыргызстанда 2022-жылдан бери колдонулуп келе жаткан негизги каржылоо ченеми аймактарда бир балага 14 сомду түзсө, Бишкек жана Ош шаарларында бул көрсөткүч 22 сомго барабар. Өлкөнүн эки ири шаарында каражат аралаш принцип менен бөлүнөт. Атап айтканда, республикалык бюджеттен берилген 14 сомго жергиликтүү бюджеттен дагы 8 сом кошулат. Дал ушул кошумча каражаттардын эсебинен Бишкек менен Оштогу окуучулардын мектептеги тамактануусунун наркы башка аймактарга салыштырмалуу жогору болуп келет.

Стандарттык ашканалары же буфеттери бар билим берүү мекемелеринде ашпозчулар күн сайын ысык тамак даярдашат. Ал эми тамак бышырууга шарты жок мектептерде балдарга чай же сүт менен кошо токоч берилет.

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун балдар жана өспүрүмдөр гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Асел Тагылыкова “Кабар” агенттигине билдиргендей, окуучулардын тамактануусу белоктордун, майлардын, углеводдордун, витаминдердин, макро жана микроэлементтердин курамы боюнча тең салмактуу болушу керек.

“Азыр беш күндүк окуу жумасында мектеп аш тизмеси (меню) тең салмактуу түзүлгөн. Балдарга жумасына эки жолу сүт кошулган ботко же шорпо, эки жолу эт кошулган тамак жана дан азыктары менен жашылчалар, дагы бир жолу токоч азыктары берилет. Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Билим берүү департаменти борбор калаадагы мектептер үчүн жыл сайын алдын ала аш тизмени иштеп чыгат. Ага сөзсүз түрдө дан жана сүт азыктары, ашкактар, жашылчалар, С витамини, ошондой эле крем кошулбаган кондитердик жана нан азыктары киргизилет. Ошол эле учурда рацион толугу менен санитардык дарыгерлер тарабынан Санитардык эрежелер жана нормалардын талаптарына жана тыюу салынган азыктардын бар-жогуна карата текшерилет”, - деди адис.

Анын айтымында, балдардын активдүү өсүү мезгилинде күнүнө 4–5 маал тамактануу сунушталат. Мындай учурда мектептеги экинчи эртең мененки тамак же түштөн кийинки жеңил тамак күнүмдүк керектөөнүн 15–20 пайызын камсыздашы керек. Ушуга байланыштуу Асел Тагылыкова президент Садыр Жапаровдун окуучулардын мектептеги тамактануусун каржылоону көбөйтүү жана балдарды толук кандуу ысык тамак менен камсыз кылуу демилгеси - өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна оң таасирин тийгизерин белгиледи.

“Каржылоонун көбөйүшү, мисалы Бишкекте азыркы 22 сомдон 40 сомго чейин жогорулашы, бир жолку тамакка бөлүнгөн каражатты дээрлик эки эсеге көбөйтөт. Бул өзгөрүү балдардын ден соолугуна оң таасирин тийгизет. Кошумча каражаттар окуучулардын рационун түп-тамырынан бери жакшыртып, ага сыр, кефир, йогурт жана быштак сыяктуу кычкыл сүт азыктарын кошууга, ошондой эле эттин, көк чөптөрдүн, жаңы жашылча-жемиштердин көлөмүн кыйла көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет”, - деп жыйынтыктады Тагылыкова.

Мамлекет башчысынын бул масштабдуу демилгесин ишке ашыруу Кыргызстан үчүн олуттуу социалдык секирик болот. Өткөн жылдардагы жөнөкөй 7 сомдон башталып, 2027-жылы 40 сомго чейин жеткен каржылоонун этап-этабы менен өсүшү мамлекеттин артыкчылыктары адам капиталына узак мөөнөттүү инвестиция салууга багытталганын айкын көрсөтүп турат. Бүгүн жетиштүү тамактанган жана ден соолугу чың бала — эртең ийгиликтүү жаран жана өлкөнүн ишенимдүү келечеги.