Америкалык инвестор Кыргызстанга капитал тартуунун үч шартын атады

Коом 22 сентябрь 2026 17:45

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров АКШнын ишкер чөйрөсүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө америкалык инвестициялык Loomis, Sayles & Company компаниясынын суверендүү портфелдик менеджери жана глобалдык макростратеги Хасан Малик инвестор жана тарыхчы катары Кыргызстандын келечеги боюнча көз карашын бөлүштү.

Анын айтымында, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшү үчүн үч багыт маанилүү. Алар — инфляциянын жана бюджеттин туруктуулугун сактоо менен инвестициялык программаны өнүктүрүү, каржылык жана төлөм инфраструктурасын өркүндөтүү, ошондой эле мындан аркы институционалдык жана түзүмдүк реформаларды жүргүзүү.

Биринчи багыт тууралуу сөз кылып жатып, Малик Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасы дымактуу документ экенин белгиледи. Анын айтымында, рыноктор инвестициялык программанын ишке ашырылышын инфляциянын жана бюджеттин динамикасы менен бирге тыкыр көзөмөлдөйт. Бул үч багытта ийгиликке жетишүү рыноктун өлкөгө берген баасын өзгөртө аларын белгиледи.

Инвестор экинчи маанилүү багыт катары капиталды атады. Ал Кыргызстандын аймактагы экономикалык байланыштары анын табигый артыкчылыгы экенин белгиледи. Анын айтымында, каржылык жана төлөм инфраструктурасын, анын ичинде санариптик активдер жаатында өнүктүрүү эл аралык рыноктор менен шайкеш келүүгө тийиш. Маликтин белгилешинче, Кыргызстан Чыгыш менен Батыштын ортосунда көпүрө боло алат, ал эми бул багыттагы прогресс дүйнөлүк капиталга жетүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Үчүнчү багыт катары ал институттарды жана реформаларды атады. Маликтин айтымында, суверендүү облигацияларга инвестиция салган инвесторлор көбүнчө өлкөгө ири көлөмдөгү чет элдик капиталды биринчилерден болуп алып келишет. Ошол эле учурда, анын пикиринде, мындан аркы институционалдык жана түзүмдүк реформалар капиталдын кыйла терең жана масштабдуу агымдарын тартууга өбөлгө түзүшү керек.

"Биз өз ара түшүнүшүүгө жетишип, еврооблигациялардын ийгиликтүү чыгарылыштарын Кыргызстан менен эл аралык инвесторлордун ортосундагы кыйла терең жана узак мөөнөттүү өнөктөштүккө айланта алабыз деп үмүттөнөм. Loomis Sayles бул процессте конструктивдүү роль ойноого даяр", - деди ал.