“Арашан” породасы кыргыз кой чарбасынын жаңы бренди болобу?

Коом 22 сентябрь 2026 18:00
“Арашан” породасы кыргыз кой чарбасынын жаңы бренди болобу?

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын “Арашан” породасындагы асыл тукум койлоруна кызыгуу артууда. Кыргызстандын фермерлери гана эмес, Өзбекстан, Россияда кызыккандар арбыды. Арашан койлорунун баасы сапатына жараша 500 доллардан өйдө турса, айрым учурда алардын баасы миллиондорду чапчыйт деген да сөздөр айтылып келет.

Учурда өлкөдө “Арашан” породасындагы асыл тукум койлордун саны 60 миңге чукулдады. Жылдан-жылга Арашан койлорун бакканга кызыккандар көбөйүүдө. Өлкөдө 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 4–5 эсе көбөйтүү пландалууда.

“Кабар” агенттигине Кыргыз кой багуучуларынын коомдук бирикмесинин төрагасы Мирланбек Сатыбеков билдиргендей, “Арашан” породасы азыр популярдуу болуп жатканы үчүн кыргызстандык фермерлерге катарлаш эле коңшу Казакстан, Өзбекстан, Россиядан кызыгып келгендер көбөйдү.

“Мурда мындай койлор өлкө ичинде гана сатылчу. Былтыртан бери экспортко чыгарууга расмий уруксат берилгенден баштап, сатуу көлөмү жогорулады. Акыркы эки айда Өзбекстанга 215 баш кой экспорттолду”, - деди ал.

Белгилей кетсек, министрлер кабинети 2025-жылы Арашан койлорун экспорттоого мүмкүнчүлүк түзгөн токтом кабыл алган.

Бул арашанчылардын асыл тукум койлорун чет жакка сатыкка чыгарууга жол ачты. Муну менен Кыргызстандын асыл тукум мал чарбачылыгы таанытылууда десек болот.

Саналуу күн мурун Чүй облусунда Арашан асыл тукум койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль өттү. Иш-чара Кыргыз кой багуучуларынын бирикмеси тарабынан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен уюштурулду. Ага Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Казстандан келген фермерлер, ата мекендик малчылар жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты.

Анда Арашан койлорунун санын көбөйтүү, сапаттык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу жана эл аралык рынокко чыгаруу мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири экени айтылды.

Ал арада социалдык тармактарда фестивалда “Арашан” породасындагы кой 1 млн АКШ долларына сатылганы жөнүндө маалымат тарады. Кыргыз кой багуучуларынын коомдук бирикмесинин төрагасы Мирланбек Сатыбеков соода-сатыкка катышпаганын жана чын эле 1 млн сомго сатылганы тууралуу так маалымат айта албай турганын белгиледи.

“Биздин максат – сандан сапатка өтүү. Кымбат баага бааланган койлор бар. Айрымдары сураган баага сатышпайт. Арашан койлору эт багытында эмес, тукум алуу, аны көбөйтүү, сатуу иретинде багылып жатат”, - деди Мирланбек Сатыбеков.

Асыл тукум малды экспорттоо мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Экспорттолгон ар бир баш асыл тукум мал үчүн 17 миңден 20 миң сомго чейинки тиешелүү төлөмдөр мамлекеттик бюджетке түшөт.

Белгилей кетсек, “Арашан” породасы 2021-жылы расмий катталып, 2023-жылы селекциялык жетишкендик катары мамлекеттик реестрге киргизилген.

Кыргызстан Арашан асыл тукум койлорун дүйнөлүк рынокко чыгарууга даярданууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Арашан асыл тукум койлорун өстүрүүчүлөр менен жолугушууда бул породаны эл аралык деңгээлге чыгаруу боюнча негизги багыттарды талкуулаган. Ошондой эле тоют камдоо, асыл тукум койлорду каттоо, чиптөө, паспорттоштуруу, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана Арашан улуттук брендин түзүү боюнча чаралар күчөтүлө турганы айткан эле.

Айыл чарба илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын академиги Жамин Акималиев “Кабар” агенттигине билдиргендей, Арашан породасын илимий жактан изилдөө зарыл.

“Советтер союзунун маалында Кыргызстанда мал чарбачылыгында илимий изилдөө жүргүзүлүп турган кезде биздин өлкө үчүнчү орунда турчу. Ошол убакта эле биздин койлор асыл тукумдуулугу жана сапаты боюнча алдыда болуп келген. Азыр да койлорго карата илимий иштерди жүргүзүү зарыл деп эсептейм. Бул иштерди алдыга жылдыруу керек. Ошондуктан асыл тукум мал чарбачылыгына келгенде абдан жоопкерчилик менен мамиле кылуу кажет”, - деп айтты академик.