Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен фермерлерге мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө багытталган 3 пайыздык жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Ведомстводон билдиришкендей, бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Жайыл районунан келген фермер Бактияр Чыналиев абердин-ангус породасындагы асыл тукум малды сатып алып, өз чарбасын кеңейтүүдө.
"Буга чейин кыргыз уйларын багып келгем. Эми "АБанктан" 3 млн 750 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алдым. Насыя алуу үчүн үйүмдү жана сарайымды күрөөгө койдум. Ал каражатка абердин-ангус породасындагы 15 баш асыл тукум малды сатып алдым. Бул мүмкүнчүлүк фермерлер үчүн чоң колдоо болуп жатат", - дейт ал.
Асыл тукум мал сатып алууга берилүүчү жеңилдетилген насыя 3 пайыздык үстөк менен 5 жылга чейин берилет. Мындан тышкары, 12 айга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралган. 500 миң сомго чейинки насыя күрөөсүз, ал эми 500 миң сомдон 20 млн сомго чейинки насыя күрөө менен берилет.
Бул иштер фермерлердин мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө жана өлкөдө эт өндүрүшүн жогорулатууга багытталган.