"Дордой" базарынын жанындагы реконструкцияланган көчө ачылды

Коом 22 сентябрь 2026 17:50
b24d0032-22d6-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
a7a2e008-8da8-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
bec92a1d-38c6-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
eed81d14-2e8e-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Дордой" базарынын Чымкент унаа токтотуучу жайы жайгашкан аймактагы реконструкцияланган көчө ачылды. Бул тууралуу Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басары Азат Ракымов билдирди.

"Жолдун туурасы 8 метрге чейин кеңейтилди, эки тарабына тең тротуарлар курулуп, ирригациялык тармактарды куруу иштери аяктады. Ушундай эле иштер Келечек-9 конушунда да жүргүзүлдү", — деди ал.

Анын маалыматына караганда, экинчи этаптын алкагында курулган жолдордун жалпы узундугу 1 чакырым 600 метрди түзөт. Ошондой эле Кожевенная көчөсүндө, аталышы жок көчөдө жана Чымкент унаа токтотуучу жайына алып баруучу жолдо иштер жүргүзүлдү.

Ракымовдун айтымында, Свердлов райондук администрациясы иштердин сапатына техникалык көзөмөлдү жүргүздү. Ал ошондой эле курулуш иштерин "Дордой" базарынын ээлери каржылаганын белгиледи. Бишкек мэриясынын бюджетинен бул иштерди жүргүзүүгө каражат бөлүнгөн эмес.