Бишкек, 14.06.26. /Кабар/. 16-июндан 1-августка чейин Фрунзе көчөсүнүн Осмонкул көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул убакытта Фрунзе көчөсүн капиталдык оңдоо боюнча долбоордун биринчи этабы жүргүзүлөт. Жалпысынан оңдоо иштери Осмонкул көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки аралыкта жүргүзүлөт.
Жол кыймылын этап-этабы менен чектөө оңдоо иштеринин шаардагы транспорттук абалга тийгизген таасирин азайтуу жана жол кыймылынын бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында уюштурулууда.