Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Мыйзам долбоорунда зергерчилик тармагы үчүн сунушталып жаткан жеңилдиктер кошуна өлкөлөрдүн биринде да жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө мамлекетке зергерчилик тармагында иштеген 47 өндүрүүчү гана расмий белгилүү, алардын көпчүлүгү көмүскөдө иштеп жатышат. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору зергерлер үчүн коңшу мамлекеттерде жок бир катар жеңилдиктерди камтыйт.
«Жалпысынан зергерчилик тармагы үчүн салыктын ставкасы жүгүртүүдөн болгону 0,25 пайызды түзөт», — деп белгиледи Салык кызматынын төрагасы.
Ошондой эле ал бул чаралардын ишке ашырылышы зергерчилик тармагын легалдаштырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, эмгек миграциясынын деңгээлин төмөндөтүүгө жана калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга оң таасирин тийгизерин билдирди.
Алмамбет Шыкмаматов зергерчилик тармагы чоң потенциалга ээ экенин жана мамлекеттик колдоонун негизинде жакынкы беш жыл ичинде туруктуу өнүгүүгө жетише аларын баса белгиледи.