Бишкек, 09.02.26. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 6-февралда өткөн ведомствонун коллегиясында ишкерлер жана жарандар үчүн салыктык башкарууну жөнөкөйлөтүүгө багытталган өткөн жылдагы чаралар тууралуу маалымдады.
2025-жылдын 1-январынан тартып товарлардын көпчүлүк түрлөрү үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды милдеттүү колдонуу жоюлду. Базарларда контролдук сатып алууларга жана рейддик салык контролуна мораторий киргизилди. «Нөлдүк» отчетторду, ошондой эле жеке ишкер болуп саналбаган жеке жактар үчүн салык декларациясын тапшыруу милдети жокко чыгарылгандыгын белгиледи.
А.Шыкмаматов бул чаралар ишкерлердин убактысын, ресурстарын жана энергиясын үнөмдөп, аларды өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана ишкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөрүн белгиледи.