Швицтен ангуска чейин: Өлкөдө асыл тукум мал чарбасы жаңы деңгээлге чыгууда

Коом Загрузка... 09 Март 2026 17:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Чабрец" агрофирмасында мал чарбачылыгындагы заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Анда министрге малды санариптик идентификациялоо системасы тааныштырылды. Мында атайын электрондук биркалардын жардамы менен ар бир малдын породасы, ата-теги жана саламаттыгы тууралуу маалыматтар бирдиктүү электрондук базага киргизилип, аралыктан көзөмөлдөнөт.

Министр фермадагы швиц, голштино-фриз, абердин-ангус жана алатау породасындагы ири мүйүздүү малды, ошондой эле гиссар койлорун көрүп чыкты. Ишканада торпокторду өзүнчө кабиналарда багуу ыкмасы колдонулат, бул жугуштуу оорулардын алдын алууга жана малдын аман сакталышын камсыздоого шарт түзөт.

Белгилей кетсек, "Чабрец" агрофирмасы 3 миң гектар аянтта экологиялык таза тоют жана дан өсүмдүктөрүн өстүрөт. Мында саан, сүттү муздатуу жана тоют даярдоо процесстери толук заманбап жабдуулар аркылуу ишке ашат. Ишкана ички рынокту сапаттуу сүт жана колбаса азыктары менен камсыз кылат.

Эрлист Акунбеков мындай заманбап комплекстер өлкөнүн агроөнөр жай тармагын өнүктүрүүдө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо үлгү экенин белгиледи.