Швейцария элчиси: Кыргызстанда олуттуу өзгөрүүлөрдү байкадым

Коом Загрузка... 13 Октябрь 2025 17:34
WhatsApp_Image_2025_4WEEpBg.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаров Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерлини ишеним грамоталарын тапшыргандыгына байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Жолугушуудан кийин элчи Сироко Мессерли журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Швейцария менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелер 30 жылдан ашуун убакыттан бери ийгиликтүү өнүгүп келе жатканын билдирди.

"Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен өтө мазмундуу сүйлөшүү болду. Биз экономикалык өсүшкө, суу жана энергетикалык ресурстарга колдоо көрсөтүүгө багытталган негизги кызматташтыкты көптөн бери түптөгөнбүз. Ошондой эле соода-экономикалык мамилелер биз үчүн чоң мааниге ээ. Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы сооданын көлөмү тынымсыз өсүүдө", - деди дипломат.

Ал ошондой эле Кыргызстанга биринчи жолу 2000-жылы келип, 2010-жылы өлкөдөн кеткенин эске салды. "Бул жакка 15 жылдан кийин кайтып келгенимде, өлкөнү тааныган жокмун. Бул убакыттын ичинде көп нерсе өзгөрүп, инфраструктура жакшырып, тазалык жана көрктөндүрүү байкаларлык болуп калыптыр", - деп баса белгиледи элчи.