Садыр Жапаров Швейцария элчиси Сироко Мессерлини кабыл алды

Президент 3063 13 Октябрь 2025 17:11
1.jpg
559046211_1366050995529531_6499397114501767362_n.jpg
559522723_1366051065529524_7550074974953643166_n.jpg
559577097_1366051025529528_5486198958085262565_n.jpg
560826279_1366050972196200_8166956598413997690_n.jpg
561660130_1366050918862872_7850743082894543672_n.jpg
561773216_1366051102196187_9214993185174879030_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерлини ишеним грамоталарын тапшыргандыгына байланыштуу кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

559522723_1366051065529524_7550074974953643166_n.jpg

Мамлекет башчысы Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы саясий диалогдун оң динамикасына чын ыкластан кубанарын белгиледи.

Садыр Жапаров эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн сактоо жана мындан ары да көбөйтүү үчүн биргелешкен аракеттердин зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде Швейцариянын элчиси Сироко Мессерли жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуудагы маанилүү жетишкендиктерин канааттануу менен белгилеп өттү.

559577097_1366051025529528_5486198958085262565_n.jpg

Муну менен катар Сироко Мессерли Швейцариянын өз ара кызыкчылык жараткан кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдарлыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы көп жактуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого даярдыктарын билдиришти.