Швейцария Кыргызстандын суу ресурстары тутумун өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө

Коом 11 июнь 2026 12:10
152A5882.jpg
152A5864.jpg
152A5854.jpg
152A5856.jpg
152A5857.jpg
152A5860.jpg
152A5867.jpg
152A5876.jpg
Алдыга
Артка
152A5882.jpg
152A5864.jpg
152A5854.jpg
152A5856.jpg
152A5857.jpg
152A5860.jpg
152A5867.jpg
152A5876.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Швейцария суу ресурстары, айыл чарба жана агроинновациялар тармагындагы кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Мессерли менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар суу ресурстарын башкаруу, айыл чарба жана туруктуу өнүгүү багыттарындагы кыргыз-швейцар кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Кыргыз тарап өлкөнүн суу ресурстарын башкаруу системасын өркүндөтүүгө багытталган "Кыргызстанда суу пайдаланууга уруксат берүү системасы" (WUP KG) долбоорун ишке ашыруудагы Швейцариянын салымын өзгөчө белгиледи.

Ошондой эле органикалык айыл чарба, мал чарбачылыгы, ветеринария, балык чарбачылыгы жана аквакультура тармактарындагы кызматташтыктын келечеги, ошондой эле ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар агроинновациялар, климаттык туруктуулук жана айыл чарбасын санариптештирүү багыттарындагы өнөктөштүктү мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин ырастап, жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.