Бишкек, 16.07.26 /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Эл аралык кинофестивалы өз ишин баштайт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул эл аралык маанидеги маданий иш-чарага катышуу үчүн чет өлкөлүк делегациялар Кыргызстанга келишти. Аларды тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү тосуп алышты.
Фестивалга Кытай, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Беларусь жана Иран мамлекеттеринин кино тармагынын өкүлдөрү катышат.
Иш-чаранын алкагында кино көрсөтүүлөр, чыгармачыл жолугушуулар жана кинематография тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар өткөрүлөт.
Фестиваль кыргыз киносун эл аралык деңгээлде таанытууга, ата мекендик чыгармачыл өкүлдөрдүн жаңы байланыштарды түзүүсүнө жана дүйнөлүк кино коомчулугу менен кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бүгүн башталган иш-чара 19-июлга чейин уланат.