ШКУнун башкы катчысы Кыргызстанга келди

Саясат 27 апрель 2026 20:36
ШКУнун башкы катчысы Кыргызстанга келди
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 27.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарына Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Башкы катчыны ”Манас“ эл аралык аэропортунан Куралдуу күчтөрдүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн кол башчысы Талантбек Талипов тосуп алды.

Нурлан Ермекбаевдин ШКУга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуусу күтүлүүдө.