ШКУга 25 жыл: Кыргызстандын төрагалыгы кандай багыттарды көздөйт?

ШКУ Загрузка... 25 Март 2026 17:25
WhatsApp_Image_2026_vH6Uhv5.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкекте август айында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Ага уюмга мүчө мамлекеттердин президенттеринин катышуусу күтүлүүдө. Быйылкы саммит ШКУнун 25 жылдык мааракесине туш келип жатат. Бул ирет Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев менен уюмдун жетишкендиктери жана алдыга койгон пландары тууралуу маектешти.

WhatsApp Image 2026-03-24 at 12.41.26

2026-жылы Шанхай кызматташтык уюму 25 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары тууралуу айта кетсеңиз?

— ШКУ 25 жылда алты мүчө мамлекеттен турган бирикмеден дүйнөдөгү эң ири трансрегионалдык уюмга чейинки жолду басып өттү. ШКУнун үнү жыл сайын эл аралык аренада барган сайын ишенимдүү угулуп, глобалдык деңгээлде мамлекеттер аралык өнөктөштүктүн системалуу моделинин белгилерин алып келүүдө. Уюм жетишкен ийгиликтери менен эле токтоп калбайт. Заманбап дүйнөлүк кырдаал убакыт менен бирге жаңы кадамдарды таштоону талап кылууда. Ушуга байланыштуу күн тартибинде мамлекет башчылары тарабынан коюлган тапшырма турат. ШКУнун ишмердүүлүгүн комплекстүү модернизациялоо. Бул уюмдун ишин, тармактык механизмдерин жакшыртуу жана колдонуудагы келишимдик-укуктук базаны жаңылоону камтыйт.

2025-жылы ШКУга төрагалык Кыргыз Республикасына өттү. "ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге" деген тема күн тартибинин келечекке багытталган умтулуусун чагылдырат. Эми Кыргызстандын 2025–2026-жылдардагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары тууралуу токтоло кетейин.

Биринчиден, узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылуу. Туруктуу тынчтык болмоюнча экономикалык өнүгүүгө да, гуманитардык кызматташтыкка да жетүү мүмкүн эмес. ШКУга мүчө өлкөлөр терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүүнү улантат, ошондой эле жаңы чакырыктар болгон киберкылмыштуулук, баңгизаттардын жана прекурсорлордун мыйзамсыз жүгүртүлүшү, адам сатуу, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана башка коркунучтарга каршы аракеттенүүнү улантат.

Экинчиден, экономикалык кызматташтыктын потенциалын ишке ашыруу. Жакын арада уюмдун каржылык механизмин (ШКУнун Өнүктүрүү банкын) түзүү боюнча консультациялар өткөрүлөт. Мындай институтту түзүү ШКУга экономиканын актуалдуу тармактарындагы ар түрдүү программаларды, анын ичинде чакан жана орто бизнести колдоого, ошондой эле рынокту изилдөө жана артыкчылыктуу долбоорлорду издөөнү каржылоо үчүн өзүнүн каржылык куралына ээ болууга багытталган маанилүү кадам болуп калышы мүмкүн.

Үчүнчүдөн, эл аралык автоунаа жана темир жол ташуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Жаңы транспорттук маршруттарды калыптандыруу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин транзиттик-транспорттук потенциалын натыйжалуу пайдалануу каралууда.

Төртүнчү артыкчылыктуу багыт бул санариптештирүү. Санариптик технологиялар экономикада гана эмес, мамлекеттик башкаруу, билим берүү, медицина жана башка көптөгөн тармактарда артыкчылыкка ээ болууда. Санариптештирүү ажырымды түзбөстөн, тескерисинче, ишеним жана кызматташтыкка негизделген бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүү аркылуу ШКУ коомчулугун бириктириши керек.

Өз төрагалыгынын алкагында Кыргызстан келечекке багытталган ыкманы сунуштоону жана санариптик трансформацияны биргелешкен иштин артыкчылыктуу багытына айландырууну көздөйт. Ошондой эле Бишкек ШКУнун Жаштар санарип форумун өткөрүү демилгесин көтөрдү. Бул аянтча таланттуу жаш программист, инженер, изилдөөчү жана ишкерлерди бириктирип, санариптик инновациялардын катализатору болууну көздөөдө. Форум идея алмашуу менен гана чектелбестен, практикалык натыйжаларга, башкача айтканда, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

Санариптик мүмкүнчүлүктөр киберкоркунучтардан ажырабайт. Ушуга байланыштуу киберкоопсуздук, санариптик инфраструктура жана жасалма интеллект тармактарында тажрыйба алмашуу актуалдуу болуп саналат.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Бүгүнкү күндө ШКУда практикалык иш-чаралардын негизги бөлүгү соода-экономикалык, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкка багытталат. ШКУ бул өз ара урмат жана достук менен бириккен элдин коомчулугу. Кыргызстандын төрагалыгы убагында ШКУнун туристтик жана маданий борбору Чолпон-Ата шаары болду. Бул жерде 1986-жылы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен биринчи ирет өткөрүлгөн мааракелик Ысык-Көл интеллектуалдык форуму өтөт.

Экология жана туруктуу өнүктүрүүгө маани берилет. Климаттын өзгөрүшү бул олуттуу чакырык. ШКУ аймагы ар түрдүү экосистемаларды тоо жана талаалардан тартып чөлдөрдү жана суук аймактарды өзүнө камтыйт, ал эми глобалдык жылуулуктун кесепеттери баарыбызга таасирин тийгизүүдө. Алар энергетика, айыл чарба, суу ресурстарына жана туруктуу өнүгүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет.

Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жаатында биргелешкен аракеттерди активдештирүү максатында кыргыз тарап өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу жана жардам көрсөтүү үчүн Өзгөчө кырдаалдарда жардам берүү фондун түзүүнү сунуштап жатат.

2026-жылы уюмдун алдына кандай максаттар коюлган жана кандай негизги иш-чаралар пландалган?

— 2035-жылга чейин ШКУнун Өнүгүү стратегиясына ылайык, мүчө мамлекеттер өз ара ишенимди жана жакынкы коңшулук мамилелерин бекемдөөнү, коопсуздуктагы салттуу жана жаңы чакырыктарга биргелешип туруштук берүүнү, практикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүнү, уюмдун ишмердүүлүгүн өркүндөтүүнү, анын тышкы байланыштарын кеңейтүүнү жана эл аралык кадыр-баркын жогорулатууну максат кылууда.

Кыргыз Республикасынын Уюмдагы төрагалыгы 2025-жылдын сентябрында Кытай Эл Республикасында өткөн Тяньцзинь саммитинде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну жана жаңы демилгелерди айкалыштырат.

Жогоруда белгиленгендей, Бишкектин артыкчылыктуу багыттарына узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылуу кирет. Бул, анын ичинде, Ташкент шаарында жайгаша турган ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна болгон чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борборду жана Душанбе шаарындагы ШКУнун баңгизаттарга каршы борборду ачуу сыяктуу туруктуу иш алып бара турган адистештирилген органдарды түзүү тууралуу макулдашууларды ишке ашыруу аркылуу камсыздалат.

Ошол эле учурда Универсалдуу борбордун курамына Ташкент шаарында орун ала турган Маалыматтык коопсуздук борбору жана Бишкек шаарында жайгаша турган Транс улуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борбору кирет.

Мындан тышкары, ШКУ мейкиндигинде экстремисттик идеологияга каршы аракеттенүү боюнча мүчө мамлекеттердин кызматташтык программасы 2026–2030-жылдарга бекитилди.

2026-жылдын январында быйылкы жылга карата иш-чаралар планы макулдашылган, ага саясат, коопсуздук, экономика жана гуманитардык кызматташтык боюнча салттуу механизмдердин жыйындары, анын ичинде Мамлекет башчылардын кеңеши, Тышкы иштер министрлеринин кеңеши, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринин жолугушуулары, ошондой эле ШКУнун Жаштар кеңеши жана башка бир катар түзүмдөр боюнча иш-чаралар кирген.

Эң башкы окуя уюмга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйналышы болуп саналат, быйыл төрагалык Тажикстанга өттү. Мындан тышкары, тышкы экономика жана соода иштери, айыл чарба, энергетика жана транспорт тармагына жооптуу министрлердин жыйыны өтөт.

Ошол эле маалда ШКУнун эл аралык байланыштарын өнүктүрүү улантылат, анын ичинде диалог өнөктөштөрү жана байкоочу мамлекеттер менен практикалык өз ара аракеттерди кеңейтүү каралууда. БУУнун катчылыгы жана дүйнөлүк уюмдардын атайын мекемелери БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссия жана БУУнун айлана-чөйрө боюнча программасы менен, ошондой эле регионалдык уюмдардын ичиндеги салттуу өнөктөштөр болгон КМШ, ЖККУ, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча жыйналыш, ЕАЭБ менен бир катар биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландалган.

Глобалдык туруксуздуктун шартында ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясаттагы координациясын тереңдетүү жана регионалдык коопсуздукту биргелешип бекемдөөнүн келечегин кандай баалайсыз?

— Бүгүнкү күндө дүйнөлүк саясатта, экономикада жана эл аралык мамилелердин башка тармактарында олуттуу өзгөрүүлөр болууда. Адилеттүү көп полярдуу дүйнөлүк тартип пайда болууда, мамлекеттерди өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу жана тең укуктуу эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү кеңейүүдө.

Ошол эле учурда күч колдонуу ыкмалары колдонулуп, эл аралык укуктун нормалары системалуу бузулуп, геосаясий тирешүүлөр жана чыр-чатактар орун алып, ШКУ аймагы жана дүйнө жүзү боюнча туруктуулукка коркунучтар көбөйүүдө.

Уюмдун калыптанышына жана өнүгүшүнө кылчайсак, тынчтык, коопсуздук жана туруктуулукту камсыз кылуу мүчө мамлекеттердин кызыкчылык туудурган негизги багыттарынын бири болуп келгенин жана болуп жатканын баса белгилеп кетет элем. Бүгүн ШКУ эл аралык өз ара аракеттенүү системасында эң маанилүү катышуучулардын бири болуп калды. Мүчө мамлекеттер ШКУнун жалпы тынчтык жана коопсуздукту бекемдөөгө шарт түзүүдө жана жаңы демократиялык, адилеттүү саясий-экономикалык эл аралык тартипти куруудагы ролун жогорулатуу зарыл деп эсептешет.

ШКУ элдин саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүү жолун өз алдынча жана демократиялык түрдө тандоо укугун урматтайт. Биз мамлекеттердин суверенитетин, көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн урматтоо, тең укуктуулук, өз ара пайда, ички иштерге кийлигишпөө, күч колдонбоо же аны колдонуу коркунучу принциби эл аралык мамилелердин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги негиздери деп эсептейбиз.

Биз өлкөлөр ортосундагы пикир келишпестиктер менен талаштарды диалог жана консультациялар аркылуу тынчтык жолу менен чечүүнү жактайбыз, эл аралык жана регионалдык өнүгүү маселелерин чечүүдө тирешүүчү ыкмаларды колдонууга каршыбыз, ошондой эле коопсуздукка байланыштуу салттуу жана жаңы чакырыктарга каршы күрөшөбүз.

ШКУга мүчө мамлекеттер регионалдык жана глобалдык күн тартибин баалоодо жакындыгы же дал келиши менен, ШКУнун Хартиясынын жана "Шанхай руху" принцибине таянып, өз ара ишеним, өз ара пайда, теңдик, консультациялар, маданий ар түрдүүлүккө урмат көрсөтүү жана биргелешкен өнүгүүгө умтулуу негизинде ар түрдүү тармактардагы кызматташтык потенциалын туруктуу түрдө кеңейтүүдө. Бул аймакта жана дүйнөлүк деңгээлде тынчтыкты жана өнүгүүнү колдоого баалуу салым кошууда.

Аймакта тынчтык, коопсуздук жана туруктуулукка коркунуч келтирген кырдаалдарга ШКУнун негизги жооп кайтаруу куралы саясий билдирүүлөр болуп саналат. Мисалы, 2025–2026-жылдары уюмдун атынан 9 билдирүү макулдашылып кабыл алынган, алардын айрымдары ШКУнун катчылыгы тарабынан демилгеленген.

Бүгүнкү күндө биз ШКУнун ишмердүүлүгүн заман талаптарына ылайык өркүндөтүүгө активдүү киришип жатабыз, анын ичинде коопсуздук жана чакырыктарга каршы туруу механизмдерин модернизациялоо, терроризм, сепаратизм жана экстремизмге, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү, курал контрабандасы жана башка трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы кызматташтыкты кеңейтүү кирет.

Биз ШКУнун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу мүчө мамлекеттердин тышкы саясаттагы координациясын тереңдетүүгө жана натыйжада регионалдык коопсуздукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз.