Экономика министри ШКУнун өнөр жай боюнча жаңы демилгелерин айтты

ШКУ Загрузка... 05 Июнь 2026 14:45
IMG_3540.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 05.06.26 /Кабар/. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинин жүрүшүндө катышуучулар өнөр жайды өнүктүрүүгө жана уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө тиешелүү бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, тараптар индустриалдык кызматташтык чөйрөсүндөгү келечектүү демилгелерди, анын ичинде ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда кадрларды, тажрыйба жана алдыңкы технологиялар менен алмашуу маселелерин карашты.

"Учурда текстиль кластерин түзүү жөнүндө макулдашуу иштелип жатат, ал материалдарды өндүрүүдөн баштап дизайнга жана даяр продукцияны чыгарууга чейинки кошумча наркты түзүүнүн бүткүл чынжырчасын ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ичинде сактап калууга мүмкүндүк берет. Бул кооперациялык байланыштарды чыңдоого жана уюмга кирген мамлекеттердин ички экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", - деп белгиледи министр.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары биргелешкен демилгелерди издөө жана илгерилетүү үчүн натыйжалуу аянтчага айлана турган инвестициялык долбоорлордун бирдиктүү маалыматтар банкын түзүү маселесин талкуулашты. Ошондой эле каржылоо маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.

Бакыт Сыдыков билдиргендей, ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү идеясы колдоого ээ болду, ал уюмга мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен долбоорлорун жана демилгелерин ишке ашыруу үчүн негизги каржылык курал болуп калышы мүмкүн.