ШКУ өлкөлөрү санариптик кылмыштарга каршы биргелешип күрөшөт

ШКУ 2 октябрь 2026 15:10
833326140_1807132917219733_7219722467000407334_n.jpg
833978119_2335743203632745_5861818071565935175_n.jpg
829094003_4617736871805297_1873922726363919033_n.jpg
829319742_1458348086201491_8168309385933922833_n.jpg
830511418_1761697328223057_6167652484233800464_n.jpg
831543251_1553261500162985_5663475516090632236_n.jpg
Алдыга
Артка
833326140_1807132917219733_7219722467000407334_n.jpg
833978119_2335743203632745_5861818071565935175_n.jpg
829094003_4617736871805297_1873922726363919033_n.jpg
829319742_1458348086201491_8168309385933922833_n.jpg
830511418_1761697328223057_6167652484233800464_n.jpg
831543251_1553261500162985_5663475516090632236_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Башкы прокурор Мыктыбек Бектурганов 1-октябрда Казань шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун 24-жыйынына катышты.

Башкы көзөмөл органынан билдиришкендей, жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттердин прокуратура органдарынын жетекчилери, ошондой эле уюмдун байкоочу жана диалог боюнча өнөктөш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо жана жашы жете электерге терс таасир тийгизүүчү маалыматтардын жайылышына бөгөт коюу маселелери талкууланды.

Мыктыбек Бектурганов санариптик трансформация шартында балдардын укуктарын коргоо боюнча Кыргызстандын прокуратура органдарынын тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал балдардын интернеттеги коопсуздугун камсыз кылууга жана маалыматтык технологиялар аркылуу жасалган кылмыштардын алдын алууга көңүл бурду.

Башкы прокурор санариптик коркунучтарга каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты күчөтүү, маалыматтарды ыкчам алмашуу жана прокуратура органдарынын биргелешкен аракеттерин өнүктүрүү маанилүү экенин белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар Жыйынтыктоочу протоколго кол коюп, Казань декларациясын кабыл алышты.

Мындан тышкары, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча биргелешкен эксперттик топ түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.