Кыргызстан менен Кытай өнөр жайда кызматташтыгын кеңейтет

ШКУ Загрузка... 08 Июнь 2026 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинин алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Кытайдын өнөр жай жана маалыматташтыруу министринин орун басары Синь Гобинь менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда тараптар кыргыз-кытай соода-экономикалык жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле ШКУнун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Бакыт Сыдыков Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын динамикалуу өнүгүп жатканын канааттануу менен белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кыргыз тарап кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле министр ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөр жай министрлеринин IV кеңешмесинде Синь Гобинь тарабынан көтөрүлгөн өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, логистикалык чынжырларды өнүктүрүү, инновациялык технологияларды жайылтуу, өндүрүштүк потенциалды чыңдоо жана жаңы өнөр жай ишканаларын колдоо боюнча демилгелер өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

“Биз кытайлык өнөктөштөрүбүздүн өнөр жайды өнүктүрүү, санариптештирүү жана маалыматташтыруу жаатындагы алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдарбыз. Мекемелер аралык кызматташтыктын кеңейиши өлкөлөрүбүздүн ортосундагы экономикалык байланыштарды мындан ары бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенебиз”, - деп белгиледи министр.

Өз кезегинде Синь Гобинь эки өлкөнүн ортосундагы өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

“Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташуунун потенциалы абдан чоң. Кытай тарап жаңы долбоорлорду ишке ашыруу жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты эки элдин жыргалчылыгы үчүн мындан ары бекемдөө боюнча биргелешип иштөөгө даяр”, - деди ал.

Ошону менен катар ал Кыргызстандын демилгеси менен иштелип жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин Бириккен текстиль кластерин түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча деталдуу кароо башталганын маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө өз ара кызыкдар экенин ырастап, маалымат алмашууну активдештирүү жана кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча биргелешкен ишти улантуу тууралуу макулдашышты.