Кыргызстан ШКУ саммиттинде кандай сунуштарды ортого салды? — Кабар

Кыргызстан ШКУ саммиттинде кандай сунуштарды ортого салды?

ШКУ 1 сентябрь 2026 13:20
Кыргызстан ШКУ саммиттинде кандай сунуштарды ортого салды?
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын атынан бир катар маселелерге өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Мамлекет башчысы биринчи кезекте ШКУну тең укуктуу өнөктөштүктүн мейкиндиги катары мындан ары да бекемдөөнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

“Биздин уюм мындан ары да блоктук ой жүгүртүүдөн жана тирешүүдөн эркин болуп, ишенимди бекемдөө, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн аянтча болуп кызмат кылышы керек”, — деп баса белгиледи президент.

Садыр Жапаров белгилегендей, экинчиден, коопсуздуктун натыйжалуу жана ажырагыс системасын түзүү зарыл.

Президент ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына каршы аракеттенүү боюнча Универсалдуу борборду тез арада ишке киргизүүгө өзгөчө маани берди.

Бул үчүн Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттенүү борборунун ишин баштоо үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнү билдирилди.

Үчүнчүдөн, мамлекет башчысы экономикалык кызматташтыкты жаңы сапаттык деңгээлге өткөрүүнүн зарылдыгын айтты.

Садыр Жапаров ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү маселесин практикалык жактан чечүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, мүчө мамлекеттерди жана ишкер чөйрөлөрдү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн үстүбүздөгү жылдын июль айында Ысык-Көл облусунда ачылган “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга чакырды.

Андан ары мамлекет башчысы транспорттук-логистикалык өз ара байланыштуулукту чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул багыттагы иш жүзүндөгү эң маанилүү кадам катары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун атады.

Мындан тышкары, ШКУнун маданий-гуманитардык негизин бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Жыйындын жүрүшүндө ШКУнун бирдиктүү технологиялык мейкиндигин түзүүнүн зарылдыгы да айтылды.

“Мамлекеттердин заманбап технологияларга тең укуктуу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маанилүү, анткени санариптик теңсиздик жаңы бөлүп-жаруучу чекке айланбашы керек”, — деп баса белгиледи президент.

Саммиттин жүрүшүндө мамлекет башчылары эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча мазмундуу пикир алмашып, уюмду мындан ары өнүктүрүү, коопсуздукту чыңдоо, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, жыйындын жыйынтыгы боюнча 28 документ кабыл алынып, кол коюлду.