ШКУ саммити, Көчмөндөр оюндары: Орозбеков коопсуздук маселесин талкуулады

Коом 01 Июнь 2026 16:50
710755181_1572352678232694_3206240221630198456_n.jpg
710756202_1572352704899358_3992600827077469625_n.jpg
710799410_1572352691566026_9114434444238535325_n.jpg
Алдыга
Артка
710755181_1572352678232694_3206240221630198456_n.jpg
710756202_1572352704899358_3992600827077469625_n.jpg
710799410_1572352691566026_9114434444238535325_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбековдун мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жумушчу жыйыны өттү.

Кыргызстанда өтүүчү маанилүү иш-чаралар – ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле туристтик сезондо коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча Ички иштер министрлигинин жана башка мамлекеттик органдардын маалыматы угулду.

Жумушчу кеңешменин жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга коомдук, туристтик жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз убагында жана ыкчам чараларды көрүү тапшырылды.