ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары: Энергетика тармагына ири милдеттер коюлду

Коом Жүктөлүүдө... 04 Август 2026 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо боюнча даярдык иштери күчөтүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Министр Алтынбек Рысбековдун жетекчилиги алдында өткөн кеңейтилген жыйында тармакты өнүктүрүү, алдыдагы 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана эл аралык иш-чаралар учурунда энергетикалык объектилердин ишенимдүү иштөөсү талкууланды.

"ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган мезгилде тиешелүү энергетикалык объектилер резервдик булактар менен камсыздалып, башкаруу системаларынын туруктуу иштөөсү көзөмөлгө алынат", - деди министр.

Ал энергетикалык компанияларга даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө бүтүрүп, мүмкүн болгон техникалык жана уюштуруучулук маселелерди алдын ала чечүү тапшырмасын берди.

Жыйында энергетика тармагын өнүктүрүүнүн жаңы модели сунушталып, анын негизги багыттары - жаңы генерациялык кубаттуулуктарды ишке киргизүү, электр тармактарын жаңылоо, жаңы көмөк чордондорду жана электр берүү линияларын куруу, санариптик технологияларды киргизүү экени белгиленди.