ШКУ саммити, Көчмөндөр оюндары жана жайкы сезонго чейин жолдор иретке келтирилет

Коом 550 22 Апрель 2026 09:15
1.jpg
674403005_1272648978377179_997273513389684704_n.jpg
674911591_1272648641710546_1798341798669010883_n.jpg
675980857_1272648955043848_3726322645104647276_n.jpg
675999131_1272648688377208_813791917180728975_n.jpg
677791477_1272648185043925_5027878980489958725_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
674403005_1272648978377179_997273513389684704_n.jpg
674911591_1272648641710546_1798341798669010883_n.jpg
675980857_1272648955043848_3726322645104647276_n.jpg
675999131_1272648688377208_813791917180728975_n.jpg
677791477_1272648185043925_5027878980489958725_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 22.04.26. /Кабар/. Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев кезектеги аппараттык жыйын өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынга тиешелүү жетекчилер катышып, министрликтин алдындагы тапшырмалар талкууланды.

Солтобаев авариялык участоктор боюнча иш-аракеттер, долбоорлор толук кандуу жүрбөй, приоритеттер аныктала электиги үчүн Жол чарба департаментинин ишин сынга алды. Ошондой эле республика боюнча унаа жолдордун бирдиктүү реестрин тез арада бүтүрүүнү тапшырды.

Ошондой эле өлкө боюнча эскилиги жеткен бардык аялдамаларды этап-этабы менен жаңылоону өз мөөнөтүндө аткаруу милдеттендирилди.

Мындан тышкары, аң-чөнөктөрдү жамоо иштерин пландан тышкары, ыкчам аткаруу зарылдыгы, ошол эле сапатка көңүл буруу баса белгиленди.

Жыйындын соңунда министр тийиштүү жетекчилерге Нарын – Баетов унаа жолунун курулушун тездетүүнү, ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата, ошондой эле жайкы сезондун башталышына чейин унаа жолдорун ачуу, жол жээктерин иретке келтирүү боюнча күчөтүлгөн иштерди алып барууну тапшырды.