ШКУ саммитине даярдык: Бишкекте архитектуралык көзөмөл күчөтүлдү

Коом 326 26 Май 2026 14:45
706417478_1495944895337888_4244156543222929558_n (1).jpg
706318202_1495945018671209_6190524476725043867_n.jpg
706336970_1495944988671212_1953913447796260926_n.jpg
706464549_1495945005337877_6876415868425438636_n.jpg
706197719_1495944915337886_7046455485959051571_n.jpg
706317258_1495944958671215_5453576875937697437_n.jpg
708398246_1495944942004550_7161821339662877601_n.jpg
706417478_1495944895337888_4244156543222929558_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине карата даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Даярдыктын алкагында борбор калаанын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу, шаар аймагындагы тартипти камсыздоо жана көрктөндүрүү талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө багытында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

"Иш-чаранын жүрүшүндө Ч. Айтматов көчөсү, 14, 18 жана 57 даректеринде жашаган тургундарга адистер тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тургундарга фасаддардын тазалыгын сактоо, муниципалдык жер тилкелерин өз алдынча ээлеп албоо жана үйдүн жанындагы аймактарды заманбап шаар куруу талаптарына ылайык келтирүү боюнча эскертүүлөр берилди. Ошондой эле шаар аймагында мыйзамсыз кошумча курулуштарды орнотууга, санитардык ченемдерди бузууга жана жалпы пайдалануудагы аймактарды иретсиз пайдаланууга жол берилбей тургандыгы белгиленди" — деп айтылат маалыматта.