ШКУ кызматташтыгы: Кыргызстан ортого салган сунуштар жана алардын ишке ашырылышы

ШКУ Загрузка... 16 Март 2026 17:50
2022-08-12_14-06-47_929589.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Шанхай кызматташтык уюмунун саммити 2026-жылдын август айында Бишкекте өтөт. Кыргызстан уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларын кезектеги жыйынга кабыл алат. Бул ирет “Кабар” агенттиги ири иш-чараны утурлай Шанхай кызматташтык уюмунун орду жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолот.

Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) 2001-жылдын 15-июнунда аймакта көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Бул тууралуу саясат таануучу Шерадил Бактыгулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын ШКУдагы маанисин талкуулоодо Кыргызстан Борбор Азияда маанилүү орунга ээ экенин жана мамлекеттин үнү дайыма баалуу экенин белгилөө керек. Бул — уюмда ар бир өлкөнүн үнү бирдей мааниге ээ дегенди билдирет.

2022-06-20_11-02-51_413116
“ШКУда бардык чечимдер тил табышуу менен кабыл алынат. Эгерде бир өлкө макул болбосо, чечим кайра карап чыгууга жөнөтүлөт. Кыргызстан ШКУнун негиздөөчү өлкөлөрүнүн бири. ШКУнун ишмердүүлүгү коопсуздукту камсыз кылуудан баштап, экономикалык интеграцияга жана маданий кызматташтыкка чейинки кеңири чөйрөнү камтыйт”, — деди ал.

ШКУнун өнүктүрүү банкын түзүү боюнча чечим кабыл алынган. Ал ири инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлорду каржылайт. Бүгүнкү күндө ШКУ болжол менен 30 трлн долларлык экономикасы бар өлкөлөрдү бириктирип, эл аралык мамилелерге жаңы ыкманы сунуштаган уюм болуп калды.

“Биргелешкен аракеттердин аркасында (чалгындоо маалыматтарын алмашуу, машыгуулар, операциялар) жүздөгөн террордук чабуулдардын алдын алынып, туруктуулуктун эффективдүү системасы түзүлдү. Экономикалык компонент көп жылдар бою алдыңкы планга чыгып, чоң аймак боюнча өсүштү жана өз ара инвестицияларды камсыз кылды. Кытай менен башка мүчө мамлекеттердин ортосундагы сооданын жалпы көлөмү 2,3 трлн долларга жетти, ал эми кытай инвестициясы 84 млрд доллардан ашты. Көп катмарлуу транспорт тармагы түзүлдү. ШКУнун аймагындагы эл аралык автомобиль каттамдарынын жалпы узундугу 14 миң чакырымдан ашат, Кытай — Европа темир жол каттамы боюнча 110 миңден ашык каттам жасалган”, — деп белгиледи Бактыгулов.

Саясат таануучунун пикиринде, 25 жыл ичинде Кыргызстан ШКУга мүчө мамлекет катары көптөгөн демилгелерди көтөрдү. Шерадил Бактыгулов алардын айрымдарына токтолду.

Кыргызстан 2000–2001-жылдары терроризм, экстремизм жана сепаратизмге натыйжалуу каршы туруу үчүн туруктуу антитеррордук механизмди түзүү демилгесин көтөргөн. Регионалдык террорчулукка каршы түзүм өз ишин 2004-жылдын 1-январында баштаган.

2023-жылдан тарта Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун алдында Эл аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү борборун түзүүнү сунуштап жатат.

ШКУнун эл аралык Ысык-Көл марафону биринчи жолу 2019-жылдын 11-майында өткөрүлгөн. Бул спорттук иш-чаранын жыйынтыгын Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясы World Athletics (IAAF) уюмуна жөнөтөт.

images

Шерадил Бактыгулов белгилегендей, саммит Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына туш келгендиктен жана Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө тургандыктан, өзгөчө мааниге ээ болот. 2026-жылдагы саммит уюмдун 25 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгаруу жана анын келечектеги өнүгүү багыттарын аныктоо үчүн негизги окуялардын катарын толуктайт деп күтүлүүдө.

“Кыргызстан 2025–2026-жылдары Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) төрагалык кылуу менен коопсуздук, экономика, санариптештирүү жана экологияны камтыган бир катар олуттуу демилгелерди көтөрдү. Бул сунуштар өлкөнүн уюмдагы ролун күчөтүүгө жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган”, — деп айтты саясат таануучу.
942103754

Өлкө алдыга койгон негизги инфраструктуралык долбоор — Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу болуп саналат, ал бүткүл аймактын транзиттик потенциалын бекемдөөгө багытталган.

Андан тышкары, Барскоон — Бедел — Аксуу унаа жолун жана "Бедел" чек ара бекетин өнүктүрүү иштери да белгиленген.

Кыргызстан санариптик күн тартибинин алкагында ШКУнун жаштар санарип форумун өткөрүү жана бизнес үчүн бирдиктүү санариптик мейкиндик түзүүнү сунуштады. Бажы жол-жоболорун бир кыйла тездеткен "Smart бажы" системасы ийгиликтүү ишке ашырылууда. Гуманитардык тармакты алсак, Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү пландалып, Чолпон-Ата шаары 2025–2026-жылдарда ШКУнун туризм жана маданий борбору деп жарыяланган.

Кыргызстан төрагалык кыла турган убакыт аралыгында кайсы гана тармак болбосун маанилүү жана пайдалуу сунуштарды ортого салып, алардын ишке ашырылышына күч-аракетин жумшап, уюмдун кызматташтыгын арттырат деп күтүлүүдө.