ШКУ: Инвестициялык кызматташтыкты арттыруу үчүн кайсы багыттарга басым жасалууда?

ШКУ Загрузка... 25 Июнь 2026 18:30
6a3bbde3bcaa1-thumb.jpg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттер инвестициялык жана ишкердик кызматташтыкты дагы да өнүктүрүү зарылдыгын белгилешүүдө. Буга байланыштуу Бишкекте ШКУнун инвестициялык бизнес-форуму уюштурулду. Форум мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, инвестициялык фонддордун, өнүктүрүү институттарынын, технологиялык компаниялардын жана ишкерлердин өкүлдөрүн бир аянтчага чогултту. Анда катышуучулар түз диалог жүргүзүп, тажрыйба алмашып, жаңы өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн аныктоого мүмкүнчүлүк алышты. ШКУ өлкөлөрү кайсы багыттарда инвестиция салууга жана ишкердикти өнүктүрүүгө кызыкдар экендиги тууралуу “Кабар” агенттиги баяндайт.

ШКУга мүчө он өлкөдө 3,4 миллиарддан ашык калк жашайт. Алардын ИДПсы болжол менен 30 трлн АКШ долларына жетет. Ошондой эле ШКУ мамлекеттери дүйнөлүк айыл чарба өндүрүмүнүн 38 пайызын түзөт. Акыркы төрт жылда Кыргызстандын ШКУ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү эки эседен ашык өстү.

Кыргызстан ШКУ аянтчасында санариптик соода, жашыл энергетика, логистика, азык-түлүк коопсуздугу, өнөр жай кооперациясы жана саламаттык сактоо сыяктуу стратегиялык багыттарга өзгөчө басым жасоого кызыкдар. Муну менен катар, Кыргызстан өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууну башкы орунга коюуда. Акыркы беш жылда өлкөнүн орточо жылдык экономикалык өсүшү 10 пайызга жакындады. Ал эми 2025-жылы ички дүң продукциянын өсүшү 11 пайыз болсо, 2026-жылдын алгачкы 5 айында бул көрсөткүч рекорддук 12,2 пайызга жетти.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев белгилегендей, ШКУ мамлекеттеринин алдында экономикалык кызматташтыктын жаңы, туруктуу жана инновациялык архитектурасын түзүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк ачылып жатат. Ал Кыргызстан узак мөөнөттүү биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр, ишенимдүү өнөктөш бойдон каларын ырастады.

6a3bbde2b55a9-thumb
"Бул бизде эбегейсиз адам капиталы, бай жаратылыш ресурстары, кубаттуу айыл чарба жана өнөр жай базасы, ошондой эле келечектеги өсүш үчүн чоң потенциал бар экенинен кабар берет. Мындан ары адам капиталын өнүктүрүүгө, жаштардын ишкердигин колдоого өзгөчө көңүл бурушубуз зарыл. Ошондой эле санариптик экономика шартында жана глобалдык атаандаштыкта иштей ала турган жаңы муундагы адистерди даярдоо башкы милдетибиз", — деп белгиледи Данияр Амангелдиев.

Кытайдан келген ишкерлер Кыргызстандын рыногуна байкоо жүргүзүп, инвестиция салуу үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышууга басым жасоодо.

"Zhejiang Diaotai Yupin Liquor Industry Co., Ltd." компаниясынын директору Сюй Хао Кыргызстандын чийки затын жана Кытайдын алдыңкы технологияларын айкалыштыруу менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу пландалып жатканын “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул кадам эки өлкөнүн өндүрүш тармагындагы кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрөт.

WhatsApp Image 2026-06-25 at 14.14.18 (1)
"Биз шарап экспортуна кызыкдарбыз жана бул багыттагы иштерди алдыга жылдыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатабыз. Кыргызстанда бул тармакты өнүктүрүүгө толук шарттар бар экенинен кабардарбыз. Долбоордун алкагында Кытайдын алдыңкы технологияларды колдонуу менен Кыргызстанда өстүрүлгөн жүзүмдү кайра иштетүүнү пландаштыруудабыз. Кытайдагы ири компаниялардын бири катары, учурда өз продукциябызды Түштүк Кореяга, Вьетнамга жана Мексикага экспорттоп келебиз", — деп билдирди ишкер.

Ошол эле маалда ирандык тарап да Кыргызстанга инвестиция салуу үчүн чоң дарамети бар экенин жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын билдирүүдө. Соода палатасынын өкүлү Парвиз Мохебалинин айтымында, Ирандын жол, туннель, көпүрө куруу, электр линияларын тартуу жана башка тармактарда тажрыйбасы өзгөчө чоң.

WhatsApp Image 2026-06-25 at 14.14.19
“Бүгүнкү күндө Ирандан Кыргызстанга келген жеке инвестициялар бар. Эми Иран өкмөтүнүн колдоосу менен инвестициялар көбөйөт деп үмүттөнөбүз. Биз Кыргызстандагы инвестиция салуу үчүн жакшы долбоорлорго кызыкдарбыз”, — деди ал.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Бишкекте өткөн алгачкы инвестициялык бизнес-форумдун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай аянтчалар диалогдон конкреттүү долбоорлорго өтүүгө шарт түзөрүн айтты.

WhatsApp Image 2026-06-25 at 14.14.19 (1)
“Форум ишкердик коомчулук үчүн тажрыйба алмашууга, жаңы өнөктөштүктөрдү түзүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулоого маанилүү аянтча болду. Бишкекте өткөн ШКУнун инвестициялык бизнес-форуму өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоого жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты”, - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Индиянын Экономикалык соода уюмунун өкүлү Икбал Асиф биргелешкен долбоорлордун алкагында кызматташуу жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ача турганына ишенет.

WhatsApp Image 2026-06-25 at 14.14.18
"ШКУнун өнөктөшү катары Индия жана Кыргызстан биргелешип бир катар иштерди жүргүзүүдө. Алдыда дагы көптөгөн ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашырабыз деп үмүттөнөбүз. ШКУ мындай демилгелерди өнүктүрүү үчүн абдан ыңгайлуу аянтча. Биз Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан жана Казакстан менен жигердүү кызматташып келебиз. Баарыбыз үчүн биргелешип иш алып баруу жана чогуу гүлдөп-өнүгүү чындап эле жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат", — деди ал.

Белгилей кетсек, ШКУнун инвестициялык бизнес-форумунун алкагында жалпы суммасы 150 млн АКШ долларын түзгөн 12 инвестициялык жана соода келишимине, анын ичинде меморандумдарга жана макулдашууларга кол коюлду.

Бул долбоорлордун ишке ашырылышы өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты дагы да бекемдейт. Ошондой эле бул жаңы иш орундарынын түзүлүшүнө, ата мекендик продукциянын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана тараптардын экономикалык дараметин толук пайдаланууга жол ачат.

Форумдун катышуучулары биргелешкен резолюцияга кол коюшкандыктан, ШКУнун инвестициялык бизнес-форумдарын жана ишкердик иш-чараларын жыл сайын өткөрүү тажрыйбасы мындан ары да улантыла турган болду.