Үшүк жүрүп, жамгыр карга айланат. Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Коом Загрузка... 27 Март 2025 13:58
gelo-inverno.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 27.03.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында үшүк жүрөөрү тууралуу шашылыш билдирүү таратты.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 28-29-мартта түнкүсүн Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып, мезгил-мезгили менен жаан жаашы, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 28-30-марттарда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°ка, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда 0…-2°ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, байлаган мөмөлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге коркунучтуу.