Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн бир катар облустарында үшүк жүрөт

Коом 16 апрель 2025 16:31
Шашылыш билдирүү! Өлкөнүн бир катар облустарында үшүк жүрөт

Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 17-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт.

ӨКМ мындай үшүк жемиш бактарынын бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунуч жаратарын эскертет.