Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. 5-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 12…17, Талас облусунда 11…16, Ысык-Көл облусунда 10…15, Нарын облусунда 7…12 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы 12…14, Ош шаарында 14…16 градуска чейин көтөрүлөт.