Дыйкандарга эскертүү: Өлкө аймагында үшүк жүрүшү мүмкүн

Коом
Дыйкандарга эскертүү: Өлкө аймагында үшүк жүрүшү мүмкүн
copyright icon WWW

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. 2026-жылдын 23-25-октябрында түнкүсүн жана эртең менен өлкөнүн бир катар аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үшүк айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтириши мүмкүн.

Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -1…-3 градуска чейин төмөндөйт. Чүйдүн түндүгүндө, Таластын Кара-Буура районунда жана Ысык-Көлдүн Түп районунда -3…-5 градуска чейин үшүк жүрүшү ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

"Мындай үшүк мөмө-жемиштерге, жашылчаларга, казылып алынган жана жабылбай калган картошкага, ошондой эле кант кызылчасына коркунуч жаратышы мүмкүн", - деп айтылат маалыматта.