Шер-Нияз: Дүйнөлүк басылмалар өлкө экономикасына жогору баа берүүдө

Коом Загрузка... 29 Январь 2026 16:22
copyright icon Кабар

Бишкек, 29.01.28. /Кабар/. Дүйнөлүк басылмалар Кыргызстандын экономикасына жогору баа берүүдө, - деди Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз "Кабар подкастка" берген маегинде.

Анын айтымында, Кыргызстандын акыркы убактардагы жетишкендиктерине дүйнөлүк басылмалар көңүл бура баштады.

"Bloomberg деген басылма дүйнөдөгү алдыңкы ондукка кирет. Анализи мыкты. Ошол басылма Кыргызстандын экономикасын жолборско салыштырып макала жазды. Бул чоң көрсөткүч. Ушундай нерселер Кыргызстандын ажарын ачып, алдыга жылдырат", - деди ал.