Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Чүй облусундагы Шамшы дарыясынан кум-таш аралашмасын мыйзамсыз казып алууну токтотуу керек. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов иш сапарынын жүрүшүндө билдиргенин өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Азамат Осмонов Онбир-Жылга айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылында дарыянын өзөнүндө уруксат берүүчү документтери жок кум-таш аралашмасын жана чопо топурак казып алган ишканалардын ишин текшерди.
Белгилей кетсек, мындай иш-аракеттер кен иштетүү мыйзамдарынын талаптарын бузуу саналат. Кен казуу, анын ичинде кум-таш аралашмасын жана чопо топурак казып алуу тиешелүү уруксат документтери болгон учурда гана жүргүзүлөт. Суу объекттеринин өзөнүндө же жээктеринде кошумча макулдашуусуз иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.
Буга байланыштуу президенттин өкүлү бардык уруксатсыз иштерди дароо токтотууну талап кылды. Ал эми топтолгон материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн улуттук коопсуздук органдарына өткөрүлдү.
Азамат Осмонов текшерүү жергиликтүү тургундардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөнүн белгилеп, Шамшы дарыясы сел өткөрүүчү дарыя экени, суунун деңгээли көтөрүлгөн учурда жакын жайгашкан айылдарды каптоо коркунучу жараларын айтты. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан экологиялык нормаларды жана табиятты коргоо талаптарын тийиштүү көзөмөлдөөнүн жоктугу олуттуу кесепеттерге, анын ичинде табигый кырсыктарга алып келиши мүмкүн деп кошумчалады.