Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Шамалды-Сай шаардык кеңешинин депутаттарын кабыл алып, шаарды сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо маселесин талкуулады.
Ведомстводон маалымдашкандай, ачык диалог форматында өткөн жолугушууда ичүүчү суу менен камсыздоо, суу чыгаруу тутумун өнүктүрүү жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу маселелери каралды.
Шамалды-Сай шаарын сапаттуу ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөйүнө өзгөчө көңүл бурулуп, шаардык кеңештин депутаттары бул маселе боюнча кайрылууларын жана сунуштарын билдиришти.
Эрлист Акунбеков калкты таза жана коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, көйгөйдү чечүү үчүн Таза Суу департаментине маселени өзгөчө көзөмөлгө алып, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана каржылоо булактарын аныктоо иштерин тездетүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, жолугушууда көпүрө куруу, социалдык объекттерди пайдаланууга берүү, жолдорду оңдоо жана шаардын инженердик-коммуналдык инфраструктурасын өнүктүрүү маселелери дагы талкууланды.