Шайырбек Ташиев 16-майга чейин камалды

Укук тартиби 2 апрель 2026 18:35
Шайырбек Ташиев 16-майга чейин камалды
copyright icon ИИМ

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев 16-майга чейин камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан “Кабар” агенттигине билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттун бүгүнкү отурумунда Шайырбек Ташиевди Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 мекемесинин (СИЗО-1) тергөө абагына камакка алуу чечими чыгарылды.

Эске салсак, буга чейин ИИМ Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев “Кыргызнефтегаз” ААКтагы коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын маалымдаган.