Шаарды кантип жашоого ыңгайлуу кылуу керек? Бишкек менен Ош тажрыйба бөлүшүүдө

Коом 17 октябрь 2025 16:00
1760675078.jpeg
1760675139.jpeg
1760675145.jpeg
1760675154.jpeg
1760675162.jpeg
Алдыга
Артка
1760675078.jpeg
1760675139.jpeg
1760675145.jpeg
1760675154.jpeg
1760675162.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек,17.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында Ош шаарынын мэриясынын делегациясы менен жумушчу жолугушуу өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага эки шаардын аппарат жетекчилери жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Иш сапар “Аракет – Кыргызстандагы конуштарда жашоону жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен уюштурулуп, шаарды өнүктүрүүнү башкаруу боюнча практикалык тажрыйба алмашууга багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки шаарга тең актуалдуу болгон негизги багыттарды: турак жай-коммуналдык чарбаны жакшыртуу жана өнүктүрүү, шаардык кызматтарды санариптештирүү, муниципалдык менчикти эффективдүү башкаруу, инфраструктураны модернизациялоо, экологиялык чечимдерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Учурда Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү борбор калаанын алдыңкы уюмдарынын иши менен таанышууда, анын ичинде "Бишкекжылуулукэнерго", “Бишкексууканал”, “Тазалык”, “Муниципалдык инспекция” да бар.

Тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин ырасташты. Алар мындай демилгелер адистердин кесиптик өнүгүшүнө гана эмес, шаардык кызматтардын ишине өбөлгө түзөрүн белгилешти.