Сергей Жилин: Кыргыз элине болгон жылуу мамилем өзгөргөн жок

Коом Загрузка... 30 Октябрь 2025 12:12
WhatsApp Image 2025-10-29 at 22.36.26.jpeg
copyright icon Кабар Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.10.25 /Кабар/. Кыргыз элине болгон жылуу мамилем өзгөргөн жок. Бул тууралуу Россиянын эл артисти Сергей Жилин аталган өлкөнүн Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышында билдирди.

Сергей Жилин маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышында “Фонограф-Симфо Жаз” оркестрин жетектеди.

“Кыргызстан менен Россия мен үчүн жөн гана достук мамиледеги мамлекеттер же санаалаш элдер эмес. Биз бир кезде чоң жана ынтымактуу үй-бүлө болгонбуз. Ошондуктан кыргыз элине болгон жылуу мамилем өзгөргөн жок.

Кыргызстан — мен үчүн эң жакын өлкөлөрдүн бири, ал эми бул жердеги эл бизди абдан жылуу жана сый-урмат менен тосуп алды.

Биз бул концертке көп убакыт жана күч жумшадык, ошондуктан ал жогорку деңгээлде өтөт деп терең ишенем”,-деди ал.

Белгилей кетсек, Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү Улуттук филармонияда салтанаттуу түрдө ачылып, Россиянын белгилүү эстрада жылдыздары жана таланттуу музыканттары катышкан концерттик программа менен тартууланды.

Ошондой эле эртеңден тарта 2-ноябрга чейин маданият күндөрүнүн алкагында учурда актуалдуу россиялык тасмалар акысыз көрсөтүлүп, театр сүйүүчүлөрү “12” театрынын спектаклдерине күбө боло алышат