Серепчи Кыргызстандын тышкы саясий багытынын туруктуулугун түшүндүрдү

Коом Загрузка... 14 Январь 2026 16:08
1.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 14.01.26. /Кабар/. Тарых илимдеринин доктору, профессор Зайнидин Курманов "Биринчи радионун" эфиринде Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу айтып берди.

"Биздин тышкы саясатыбыз ар дайым көп векторлуу, тең салмактуу жана өлкөбүздүн масштабы үчүн жетиштүү деңгээлде натыйжалуу болуп келген. Ошондуктан, тышкы саясатта эч качан олуттуу өзгөрүүлөр болгон эмес. Ички саясат өзгөрүп жатты, бирок тышкы саясатта биз ар дайым тынчтыкты сүйгөн, чакан, ак ниет, ачык жана кошуналарыбыз, аймактагы өнөктөштөрүбүз менен глобалдык масштабда ар тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган мамлекет катары эсептелип келгенбиз", — деди Курманов.

Анын айтымында, жаңы кыргыз мамлекетинин 35 жылдык тарыхында тышкы саясаттын концепциясы үч жолу гана өзгөртүлгөндүгү буга далил боло алат.

"Ошол эле учурда чоң өлкөлөр кылгандай, аны башынан аягына чейин кайра жазып чыкпастан, болгону оңдоп-түзөп, деталдарын тактап турушкан. Ошондуктан биздин тышкы саясатыбыз абдан туруктуу", — деп баса белгиледи ал.