Сен дагы кошул. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 1000 ыктыярчы керек

Коом Загрузка... 03 Февраль 2026 18:36
34.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. VI дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү алкагында 1000ден ашык ыктыярчылардан турган команда түзүлөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул дүйнөлүк масштабдагы эл аралык иш-чарада ыктыярчылардын ролу маанилүү жана орду толгус болуп саналат. Волонтёрлор оюндарды уюштурууга катышып, иш-чараларды өткөрүүнүн негизги процесстеринде иш алып барат.

Ыктыярчылык программага катышуу уникалдуу тажрыйба алууга, эл аралык командада иштөөгө жана дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараны уюштурууга жеке салым кошууга мүмкүнчүлүк берет.

Ыктыярчыларды тандоо этаптары:

I этап — онлайн каттоо. Талапкерлер ыктыярчылык программага катышуу үчүн анкетаны толтурушат.
II этап — маектешүү. Онлайн тандоодон өткөн талапкерлер жеке маектешүүгө чакырылат.

Тандалган ыктыярчылар үчүн окутуу жана даярдоо программалары, тематикалык тренингдер жана окуу лагерлери уюштурулат.

Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү: 3-март, саат 18:00гө чейин.

Арыз берүү тартиби: Ыктыярчылык программага катышуу үчүн расмий сайттагы профилдин башындагы шилтеме аркылуу анкета толтуруу керек:
volunteer.kg

Байланыш үчүн: +996 220 244 525.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаары жана Ысык-Көл облусунун аймагында өтөт.