Селден жабыркаган аймактардагы эпидемиологиялык абал туруктуу

Коом 310 22 Июнь 2026 13:10
WhatsApp_Image_6CAR2Oy.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
729754834_1490015352338219_214729215182184312_n.jpg
729754324_1795528325159236_6870839408378321168_n.jpg
730104415_1735951134384781_2346978984762521515_n.jpg
727927895_1702789781030531_3748141726789154173_n.jpg
727884940_26626497173690934_6804929285815128308_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Селден жабыркаган аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-21-июнь күндөрү Баткен, Ош жана Талас облустарында катталган сел кырсыктарынан жабыркаган аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүлүүдө.

Жабыркаган калктуу конуштарда санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери тарабынан зарыл болгон профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чаралар уюштурулду. Дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, ичүүчү суунун сапатына лабораториялык көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ошондой эле калк арасында санитардык-агартуу иштери жүргүзүлүп, жугуштуу оорулардын пайда болуу тобокелдиктери бааланууда.

“Ош облусунда жабыркаган калктуу конуштарда үймө-үй кыдыруу жана тургундар арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында жугуштуу оорулардын учурлары жана эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашын көрсөткөн белгилер аныкталган жок. Ичүүчү суудан алынган үлгүлөр лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү”, - деп белгилешти министрликтен.