Сейсмикалык коопсуздук: Ошто медборбордун курулушу текшерилди

Коом 501 19 Март 2026 10:22
654783852_1439831514282560_7096451045568204787_n.jpg
654521746_1439831484282563_2674351540067246581_n.jpg
654748495_1439831477615897_8462647488510074215_n.jpg
Алдыга
Артка
654783852_1439831514282560_7096451045568204787_n.jpg
654521746_1439831484282563_2674351540067246581_n.jpg
654748495_1439831477615897_8462647488510074215_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Ош шаарындагы медициналык борбордун имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Ленин көчөсү №2/1 дарегиндеги “Клиника Ош” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан курулуш объектиси текшерилди.

Иш-чара аталган объектинин курулуш иштери мамлекеттик ченемдерге жана сейсмикалык коопсуздук талаптарына шайкештигин аныктоо максатында уюштурулду. Адистер имараттын долбоордук документтерин кылдат карап чыгып, конструкциялык бөлүктөрүнүн ишенимдүүлүгүн баалоого багытталган өлчөөлөрдү жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.