Бишкек, 01.09.26. /Кабар/. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин өтүшү бир жолку иш-чара катары эмес, көп жылдык саясий кызматташтыкты реалдуу экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга багыттоодогу маанилүү этап катары бааланууда. Бул тууралуу саясат таануучу Шерадил Бактыгулов "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан үчүн бул биринчи кезекте инфраструктураны жаңылоого жана инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк берген атаандаштыкка жөндөмдүү механизмдерди алуу үчүн маанилүү шарт болуп, өлкөнүн өнүгүшүнө түрткү бериши керек.
"Бишкек ШКУнун мааракелик саммитин өткөрүүгө чоң жоопкерчилик жана зор кызыгуу менен даярданды. Анткени бул Кыргызстан үчүн эл аралык аброюн бекемдөөгө жана реалдуу экономикалык пайда алууга маанилүү мүмкүнчүлүк", - деди саясат таануучу.
Шерадил Бактыгулов Кыргызстан 2025-жылы Тяньцзинь шаарында өткөн ШКУ саммитинен кийин уюмга төрагалык кылууну кабыл алганын жана ага чейин олуттуу даярдык иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, ШКУ саммитине чейин Кыргызстандын борборунда жогорку деңгээлдеги ондогон жолугушуулар өтүп, шаар мамлекет башчыларын кабыл алууга кеңири даярдалды.
"ШКУнун башкы катчысы буга чейин Кыргызстан төрагалык кылган мезгилде туруктуулукту бекемдөө, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана Евразиядагы транспорттук байланышты жакшыртуу артыкчылыктуу багыттар болгонун белгилеген", - деп эске салды ал.
Анын айтымында, Кыргызстан үчүн негизги максат - саммитте кабыл алынган стратегиялык чечимдерди бекемдөө жана аларды ишке ашырууну улантуу. Бул жагынан алганда ШКУнун башкы кеңсеси Бишкекте жайгашкан Өнүктүрүү банкын түзүү жана уюмдун 2035-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы өзгөчө мааниге ээ.
Ошондой эле Бактыгулов саммиттин Кыргызстан үчүн бир нече конкреттүү багытта пайдасы болушу мүмкүн экенин белгиледи. Алардын ичинен биринчи кезекте инфраструктураны өнүктүрүү жана транспорттук байланыштарды жакшыртуу маселеси турат. Анын айтымында, Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна өзгөчө көңүл бурулууда. Бул долбоор өлкөгө жаңы жумуш орундарын, ишканаларды жана бизнестин жаңы түрлөрүн, ошондой эле инвестицияларды тартууга жана товарларды транзиттөө үчүн жаңы маршруттарды ачууга өбөлгө түзөт.

"Кыргызстан маанилүү маршруттардын кесилишинде жайгашканын көп угабыз. Бирок тилекке каршы, бул маршруттардын баары эле биздин өлкө аркылуу өткөн эмес. ШКУнун жардамы менен биздин транспорттук коридорлор уюмдун транспорттук коридорлорунун бир бөлүгүнө айланууда. Ушуга байланыштуу Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун, ошондой эле альтернативдүү Түндүк – Түштүк унаа жолунун курулушу жана башка жолдорду реконструкциялоо жана куруу долбоорлору Кыргызстандын аймактык транспорттук тармактагы негизги звено катары ролун күчөтүүгө багытталган", – деп баса белгиледи саясат таануучу.
Ал кошумчалагандай, ШКУга мүчө мамлекеттердин, атап айтканда, Кытай менен Россиянын Кыргызстан үчүн ири соода өнөктөштөрү жана инвесторлору болуп саналат. Ошондуктан ШКУ саммити энергетика, айыл чарба, санариптик технологиялар жана туризм тармактарындагы жаңы инновациялык долбоорлорго түрткү берет деп күтүлүүдө.
"ШКУнун Бишкектеги саммитинин алдында капитал тартууга жана аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган ШКУнун инновациялык бизнес-форуму өттү", – деп эске салды Шерадил Бактыгулов.
Анын айтымында, мааракелик саммиттин мындай жогорку деңгээлде өткөрүлүшүнүн өзү Кыргызстан үчүн абройлуу окуя болуп саналат. Бул өлкөнүн маанилүүлүгүн жана мындай ири иш-чараларды өткөрүүгө даяр экенин көрсөтөт. Эң негизгиси, Кыргызстан 17 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын, ошондой эле 5-6 ири эл аралык уюмдун жетекчилери жана биринчи адамдары катышкан татаал жана масштабдуу иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө жөндөмдүү экенин далилдеди.
Саясат таануучунун пикиринде, мунун баары Кыргызстандын Борбор Азиядагы жана дүйнөлүк деңгээлдеги саясий салмагын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.