Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Президенттин өлкө аймактарын кыдырып, жергиликтүү тургундар менен ачык сүйлөшүүсү көп жылдан бери чечилбей келген көйгөйлөрдү жеринде аныктап, аларды чечүү жолдорун пландаштырууга шарт түзөт. Бул тууралуу Кыргызстандын БУУдагы алгачкы өкүлү, дипломат Жумакадыр Атабеков “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аймактардагы абал тууралуу маалыматты жергиликтүү жетекчилерден алуу жетишсиз. Мамлекет башчысынын жер-жерлерге өзү барып, эл менен түз баарлашуусу маселелерди тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.
“Президент эл менен ачык сүйлөшүп, калк өз оюн кенен айтып жатышат. Облус, район жана айыл башчылары берген маалымат толук болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан президенттин өзү барып, элдин көйгөйүн өз көзү менен көргөнү жакшы”, — деди ал.
Дипломаттын пикиринде, аймактарды кыдыруунун жыйынтыгында көтөрүлгөн маселелерди топтоп, талдап, алардын негизинде конкреттүү иш-пландарды түзүүгө болот. Муну менен иштердин аткарылышы көзөмөлгө алынып, көйгөйлөрдүн чечилиши текшерилип турат.
Ошондой эле ал жергиликтүү тургундар менен ачык жолугушууларды өткөрүп, алардын сунуштарын жана көйгөйлөрүн системалуу түрдө чогултуу маанилүү экенин белгиледи.
“Элден түшкөн маалыматтарды жалпылап, артыкчылыктуу маселелерди аныктап, аларды этап-этабы менен чечүү аймактардын өнүгүшүнө жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугуна оң таасирин тийгизет”, - деп кошумчалады Атабеков.