Бишкек, 12.11.26 /Кабар/. Саясат таануучу Бакыт Бакетаев президент Садыр Жапаровдун элди бөлүп-жарууга, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылгандарга карата айткан эскертүүсү боюнча пикирин “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мамлекет башчысынын мындай эскертүүсү өз убагында айтылды. Анткени азыркы учурда Кыргызстанда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого, мыйзам бузгандарды аныктоого жетиштүү техникалык мүмкүнчүлүктөр бар.
“Азыр XXI кылым. Кыргызстанда 40 миң видеокамера бар. Бүгүнкү күндө ким эмне кылып жатканын дароо аныктоого мүмкүнчүлүк жетиштүү. Ошондуктан президенттин эскертүүсүн олуттуу кабыл алуу керек. Ал жөн жерден эскерткен жок”, — деди ал.
Саясат таануучу азыр дүйнөдөгү геосаясий кырдаал өтө курч экенин белгилеп, мындай шартта коомчулуктун бардык өкүлдөрү, жаштар да, аксакалдар да өлкөдөгү тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого жоопкерчилик менен мамиле кылышы керектигин кошумчалады.
Ошондой эле ал кыргыз-өзбек, кыргыз-кытай мамилелерине байланыштуу маселелерди козгоп, улуттар аралык бөлүнүүгө жана жаңжалга түрткөн аракеттерди токтотуу зарылдыгын белгиледи. Мындай чакырыктардын кесепетинен, биринчи кезекте, карапайым жарандар жана алардын жакындары жабыркай турганын айтты.
“Азыр ким болбосун, карыбы-жашбы, баарыбыз өтө этият болушубуз керек. Ар кандай чагымчыл чакырыктарга ишенип алып, кийин туугандарын кыйнаган учурлар болбошу зарыл. Плакат көтөрүп алып, “боштондук” деп кыйкыргандарды көрүп жатабыз. Анткени мындай жагдайларда уюштуруучулар эмес, карапайым эл жабыркайт. Президенттин эскертүүсүн ар бирибиз туура түшүнүп, андан жыйынтык чыгарышыбыз керек”, — деп белгиледи Бакыт Бакетаев.
Ал коомдук ынтымакты сактоо жана ар кандай чагымчыл аракеттерге алдырбоо азыркы учурда өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, шайлоо алдында улуттар аралык кастыкты козутуп, жаңжал чыгарууга аракет кылгандарга бөгөт коюу керектигин билдирген. Мамлекет башчысы мындай аракеттерге баргандарга катаал чара көрүлөрүн эскерткен.