Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Аймактардын жетекчилери жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү өздөрү чечип, аларды президентке чейин жеткирбеши керек. Бул тууралуу мамлекеттик жана коомдук ишмер Акрам Мадумаров "Биринчи радиодон" билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө аймактардын жетекчилеринин иш алып баруусуна жетиштүү шарттар түзүлгөн.
"Акыркы жылдары Кыргызстанда экономикалык жана социалдык тармактарда жакшы жылыштар болуп жатат. Жалпы иштердин алкагында бир гана борбордо эмес, дээрлик бардык аймактарда да жакшы жылыштар бар. Жылыштарды өз мезгилинде жеринде көзөмөлдөө, элдин пикирин угуу жана жер-жерлердеги көйгөйлөрдү аныктоо максатында учурда президент Садыр Жапаров аймактардагы эл менен түз баарлашып, алардын үнүн угуп, пикир алмашып жатат.
Бул негизинен жакшы жөрөлгө. Себеби, мунун жакшы жактары бар. Албетте, ар бир иштин өзүнө жараша кемчиликтери болот, бирок президенттин жер-жерлерге барып, элдин көйгөйлөрүн жеринен угуп жатканы — эл үчүн жакшы", — деди Мадумаров.
Ошол эле учурда ал президент менен жолугушууларда жергиликтүү деңгээлде чечиле турган маселелердин көп айтылып жатканына көңүл бурду.
"Бирок ошол эле мезгилде жергиликтүү маанидеги көйгөйлөрдүн көбүрөөк айтылып жатканын белгилеп кетким келет. Бул маселелер борбордук эмес, жергиликтүү деңгээлдеги жетекчилердин жоопкерчилигиндеги иштер болгондуктан, жер-жерлердеги жетекчилер жакшы иштеши керек. Бүгүн алардын толук кандуу укугу да бар, каржы маселелери да мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшы чечилген. Бир гана аракет жасап, иштеш керек", — деди ал.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров учурда Баткен, Ош облустарына болгон иш сапарларынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берип, көйгөйлүү маселелерин жеринде укту.