Кыргызстанда өзгөрүүлөрдү эл көрүп, сезип жатат – Бишкектин тургуну

Пикир 5 октябрь 2026 21:40
Кыргызстанда  өзгөрүүлөрдү эл көрүп, сезип жатат – Бишкектин тургуну

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы жылдары болуп жаткан өзгөрүүлөрдү эл өз көзү менен көрүп, сезип жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын тургуну Замирбек Сейитбеков “Кабар” агенттигине “Бишкек Арена” стадионунун ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө жаңы ишканалар, мектептер жана бала бакчалар курулуп, экономикалык жактан өнүгүү байкалууда.

“Мен президенттин “алты жылда жакшы эле өнүктүк, көп завод-фабрикалар ачылып, экономикалык жактан бутубузга туруп келе жатабыз” деген сөзүнө кошулам. Анткени биз, кыргыздар, эми сөзгө эмес, көзгө ишенип калдык. Өз көзүбүз менен көп нерсени көрүп жатабыз. Канча мамлекеттер келип жатат, кандай иштер аткарылып жатат, канча ишкана ачылып, мектептер, бала бакчалар курулуп жатат. Ушунун баарын өз көзүм менен көрүп, ишенип жатам. Баары жакшы болуп жатат”, – деди ал.

Сейитбеков бүгүн ачылышы болгон “Бишкек Арена” стадиону да өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн бир көрүнүшү экенин белгиледи.

“Бүгүн бул жерге келип, ушундай сонун объектти көрүп аябай таасирлендим. Кыргызда “миң уккандан бир көргөн” деп айтат эмеспи. Өз көзүм менен көрүп, мен ойлогондон дагы 10 эсе жакшы болуптур. Ушундай чоң ишти жасап жаткан кызматкерлерге, президентибизге, курулушка салым кошкон усталарга ыраазычылык. Кыргызстаныбыз өнүгүп, өсө берсин. Кудай буюрса, алдыдагы орто мөөнөттө эң алдыңкы мамлекеттердин катарына киребиз деп ишенем”, – деди Замирбек Сейитбеков.