Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун өлкөнүн аймактарын кыдырып, жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн жеринде угуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берип жатканы өзгөчө мааниге ээ. Бул тууралуу мурдагы депутат, Кыргызстандын пенсионерлер союзунун төрагасы Эсенгул Исаков “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, буга чейин бир да өлкө жетекчиси аймактарга барып, минтип жергиликтүү тургундар менен баарлашкан эмес.
“Аскар Акаев аймактарды кыдырган учурлары болгон, бирок андагы жолугушуулар учурашуу менен гана чектелчү.
Азыр президент Садыр Жапаров ар бир районду кыдырып, элдин көйгөйлөрүн угуп, маселелерди териштирип, чечилбей келген иштер боюнча өзү тапшырма берип жатат. Мындай мамиле элге да жагууда. Себеби, эгемендүүлүк алгандан бери, акыркы 35 жыл ичинде топтолгон көйгөйлөр азыр ачык көрүнүүдө”, — деди Исаков.
Ал белгилегендей, президент кайсы аймакка барбасын маселелердин түпкүрүндө укуктук көйгөйлөр жатканы байкалууда. Бир жерде жерге байланыштуу укук бузулса, башка жерде адам укугуна байланышкан маселелер бар. Кыймылсыз мүлккө байланышкан көйгөйлөр да көп айтылып жатат.
Исаков жергиликтүү бийлик органдары — акимдер, айыл өкмөттөрү, мэрлер жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү — жарандардын көйгөйлөрүн жогорку бийликке жеткирбей, өз деңгээлинде чечүүгө аракет кылышы керектигин белгиледи.
“Эгерде жергиликтүү жетекчилер өздөрүнө берилген ыйгарым укуктарды натыйжалуу пайдаланып, маселелерди жеринде чечсе, элдин көйгөйү президентке чейин жетпейт эле. Азыр болсо мамлекет башчысы аймактарга барып, жеринде чечилбей келген маселелерди өзү карап, тиешелүү тапшырмаларды берип жатат.
Көйгөйлөрдү чечүүдө укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана жергиликтүү деңгээлде юридикалык жардам көрсөтүү да маанилүү. Айрыкча, жарандардын укуктарын коргоодо сот системасынын ишине өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Сот — элдин акыркы үмүтү. Жаран сотко кайрылганда адилет чечим күтөт. Ошондуктан сот системасындагы реформаларды улантып, адилеттүүлүктү камсыз кылуу керек”, — деп белгиледи Исаков.
Ошондой эле ал тергөө органдарынын ишине баа берүү жана мыйзам бузууга жол берген кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын айтты.
Анын пикиринде, негизсиз кылмыш ишин козгогон же тергөөнү мыйзам бузуу менен жүргүзгөн кызматкерлерге карата тиешелүү чаралар көрүлүшү керек. Исаков президенттин аймактарды кыдыруусу учурунда көтөрүлгөн маселелердин чечилиши жергиликтүү бийлик органдарынын ишине жана укук коргоо системасынын натыйжалуулугуна да баа берүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.