Бишкек, 15.11.26. /Кабар/. Кыргыз эли ынтымакта жана биримдикте жашап, мамлекеттин өсүп-өнүгүшүнө ар бир жаран өз салымын кошушу керек. Бул тууралуу мамлекеттик жана коомдук ишмер, Ош облусунун ардактуу атуулу Айкөкүл Мырзакаримова “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусу өлкөдөгү тынчтыкты жана улуттар аралык ынтымакты сактоонун маанилүүлүгүн дагы бир жолу эске салды.
“Ош облусунда, Ош шаарында көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын арасында кыргыздар, өзбектер, татарлар, казактар, корейлер жана башка улуттун өкүлдөрү ынтымакта, биримдикте жашап келебиз. Азыр мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшүп, алдыга карай кадам таштап жатат. Келечекте Кыргызстан дүйнөгө таанылган, күчтүү мамлекеттердин катарына кошулушуна бардыгыбыз тилектешпиз. Президентибиз көптөгөн өлкөлөр менен кызматташтык мамилелерди түзүп, мамлекет башчылары менен жолугушууларды өткөрүп жатат. Ошондуктан өнүгүү жолубуздан адашпай, Кыргызстаныбыздын келечегине чын жүрөктөн тилектеш болушубуз керек. Президент Садыр Жапаровдун өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн кандай иш аракеттерди көрүп жатканын эл маалымат каражаттарынан угуп, көрүп жатат. Мындай шартта эл арасында бузукулукка жана чагымчылдыкка жол берилбеши керек деп эсептейм”, — деди ал.
Коомдук ишмер белгилегендей, Кыргызстан акыркы жылдары өнүгүү жолуна түшүп, өлкөдө бир катар маанилүү курулуштар жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.
“Кыйынчылыктарга карабастан, бала бакчалар, мектептер курулуп, жолдорубуз жайлоолорго чейин оңдолууда. Эң маанилүүсү, темир жол курулуштары жүрүп, шаарларыбыз да жакшырууда. Ошондуктан элибиздин тынчтыгын, токчулугун жана молчулугун гана тилешибиз керек. Мекенибизде тынчтык, элибизде молчулук болсун деген тилегимди эне катары, коомдук ишмер катары билдиргим келет”, — деди Мырзакаримова.
Ал өз сөзүндө өлкөдөгү туруктуулукту сактоо, эл арасындагы ынтымакты бекемдөө жана мамлекеттин өнүгүшүнө ар бир жарандын салым кошуусу бүгүнкү күндө маанилүү экендигине токтолду.
“Биз башаламандыкты көрдүк, анын кесепеттерин башыбыздан өткөрдүк. Ошондуктан өлкөдөгү абалды атайылап козутуп, кастыкты күчөтүүнү көздөгөндөрдүн тилеги таш капсын. Мамлекетибиздин өнүгүшү жана тынчтыгы үчүн эл ичиндеги ынтымакты жаш-кары дебей, баарыбыз сакташыбыз керек. Ата-энелер балдарыбызды туура жолго үндөп, мамлекетибизде, элибизде тынчтыкты сактоого тарбиялашыбыз зарыл. Чагымчылдыкка жол бербешибиз керек. “Баштан өткөн табып” дегендей, кыргыз эли көп нерсени баштан өткөрдүк. Президенттин кайрылуусун окуп, ушул ойлорум менен бөлүшкүм келди. Андан көрө мамлекетибиздин өнүгүшүнө ар бирибиз өз салымыбызды кошуп, эмгектенишибиз керек. Өлкөдөгү маселелерди чечүүдө да президентибизге колдоо көрсөтүп, мамлекеттин өнүгүшүнө биргелешип аракет кылалы”, — деди ал.
Ошондой эле Мырзакаримова өлкөдө курулуп жаткан ири имараттарга да токтолуп өттү.
“Кыргызстандын дүйнөгө таанылып жатканына кубанам. Жакында эле “Ынтымак ордо”, “Ырыс ордо” сыяктуу чоң имараттар курулду. Мамлекет башчысынын мекенибиздин өсүп-өнүгүшү үчүн жасап жаткан аракеттерин баарыбыз көрүп жатабыз. Мунун баары ким үчүн жасалууда? Эл үчүн. Ошондуктан баарыбыз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакта жана биримдикте жашайлы. Кыргыз элин ынтымакка чакырам. Мамлекетибиздин келечеги, балдарыбыздын бактысы үчүн тынчтыкты сактап, өлкөбүздүн өнүгүшүнө ар бирибиз салым кошолу”, — деп сөзүн жыйынтыктады Айкөкүл Мырзакаримова.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган чагымчыл аракеттерге алдырбоого чакырган. Мамлекет башчысы элди ынтымакты жана тынчтыкты сактоого, коомдогу биримдикти бекемдөөгө үндөп, өлкөнүн туруктуулугу ар бир жарандын жоопкерчилигинен көз каранды экенин белгилеген.