Медиаэксперт: Жалган маалымат коомго коркунуч жаратат

Пикир 9 сентябрь 2026 17:03
Медиаэксперт: Жалган маалымат коомго коркунуч жаратат
copyright icon WWW

Бишкек, 09.09.26. /Кабар/. Медиаэксперт Кубан Абдымен блогерлердин коомдо чыңалуу жаратышы мүмкүн болгон такталбаган маалыматтарды таратуусуна карата мамлекет башчысынын реакциясын туура деп эсептейт.

Ал "Кабар" агенттигине билдиргендей, акыркы убакта блогерлер жана айрым жарандар тарабынан атайылап же билбей туруп туура эмес маалыматтарды жайылтуу учурлары көбөйүп, бул коомчулуктун да, өлкө жетекчилигинин да тынчсыздануусун туудурууда.

"Чындыгында, маалыматты бурмалап, такталбаган кабарларды таратуу азыркы учурда олуттуу көйгөйгө айланды. Мындай көрүнүш коомдогу чыңалууну күчөтүп, ашыкча нааразычылыктарды жаратышы мүмкүн", — дейт эксперт.

Кубан Абдымен коомду адаштырган жана жалган маалымат тараткан тараптарга карата мыйзам чегинде чара көрүү зарылдыгын да колдоду.

"Блогерлер чындыкты жеткирүүнү көздөп жатабыз деп ишендиришкени менен, айрым учурларда текшерилбеген маалыматтарды жайылтып, кырдаалды курчутуп жиберишет. Ошондуктан мындай материалдардын жайылышына бөгөт коюу үчүн өз убагында реакция кылып, тиешелүү укуктук чараларды көрүү зарыл", — деп баса белгиледи ал.

Эскерте кетсек, Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө президент Садыр Жапаров жарандарды, блогерлерди жана эксперттерди аудитория же катталуучуларды топтоо максатында популизмге кайрылбоого жана текшерилбеген маалыматтарды таратуудан оолак болууга чакырды. Мамлекет башчысы жалган маалымат тараткандарга, калкты адаштырып, өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылгандарга мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.