Акыркы жылдары Кыргызстандын эл аралык аброю өстү – Сурабалдиева

Пикир 9 сентябрь 2026 18:25
Акыркы жылдары Кыргызстандын эл аралык аброю өстү – Сурабалдиева
copyright icon www

Бишкек, 09.09.26 /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстандын эл аралык аброю кыйла өстү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы Элвира Сурабалдиева президент Садыр Жапаровдун бүгүн парламентте сүйлөгөн сөзү тууралуу “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бир нече багытта, анын ичинде Кыргызстандын Борбор Азия мамлекеттери менен мамилесинде оң динамика байкалууда.

“Акыркы жылдары Кыргызстандын активдүүлүгү өскөнүн айтууга негиз бар. Биринчиден, Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттер менен мамиле жакшырып, аймактык интеграция өнүгүүдө. Муну коомчулук да байкап жатат. Чек ара маселелери боюнча жетишилген макулдашуулар да аймактагы туруктуулукка чоң салым кошуп, эл аралык коомчулук тарабынан оң баага ээ болду”, — деди Сурабалдиева.

Депутат Кыргызстандын эл аралык позициясынын бекемделип жатканын көрсөтүүчү дагы бир маанилүү көрсөткүч өлкөнүн эл аралык уюмдардагы активдүү иши экенин белгиледи.

“2026-жылы Кыргызстан эгемендүү мамлекеттин тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланды. Бул Кыргызстанга болгон ишенимдин көрсөткүчү жана дипломатиялык иштин маанилүү жыйынтыгы. Атаандаштык абдан күчтүү болду, көптөгөн мамлекеттердин колдоосуна ээ болуу оңой болгон жок”, — деп баса белгиледи депутат.

Анын айтымында, Кыргызстандын эл аралык аренадагы ролу өсүп жатканын Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жана "ШКУ+" форматындагы жолугушуунун өтүшү, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары жана Пакистандын премьер-министринин расмий визити да айгинелейт.

Сурабалдиева өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жакшырышы жана чет элдик инвестициялардын өсүшү да Кыргызстанга болгон кызыгууну арттырып жатканын белгиледи.

“Өлкөнүн эл аралык аброюн саммиттердин же жогорку деңгээлдеги визиттердин саны менен гана өлчөөгө болбойт. Эң негизгиси, өлкө ичиндеги жарандар да болуп жаткан өзгөрүүлөргө өз баасын бериши керек. Жалпысынан Кыргызстандын эл аралык аренада оң динамикасы бар деп эсептейм”, — деди ал.

Депутаттын пикирине ылайык, эми дипломатиялык жана экономикалык жетишкендиктерди туруктуу институционалдык натыйжаларга айландыруу маанилүү милдет болуп саналат.

Президент Садыр Жапаровдун маалымат таратууда жоопкерчиликтүү болуу жана коомду бөлүп-жарууга алып келе турган курч темаларды колдонбоо тууралуу чакырыгына комментарий берип жатып, Сурабалдиева жоопкерчилик менен сөз эркиндигинин ортосундагы тең салмакты сактоо маанилүү экенин белгиледи.

“Мен сөз эркиндигин ар дайым колдойм. Эгер Кыргызстан эгемен, сөз эркиндиги бар мамлекет десек, анда өзүбүздүн жоопкерчилигибизди да түшүнүшүбүз керек. Көпчүлүк аудиториясы бар адамдар — блогерлер, депутаттар, саясатчылар, журналисттер — маалыматты таратуудан мурда сөзсүз текшериши керек”, — деди ал.

Ошол эле учурда депутат мамлекеттик органдардын ишин сындоо жана башка пикирди билдирүү автоматтык түрдө өлкөнүн туруктуулугуна коркунуч катары каралбашы керектигин баса белгиледи.

“Сын, мамлекеттик чечимдерди талкуулоо жана альтернативдүү пикирди билдирүү өзүнөн өзү туруктуулукка коркунуч катары кабыл алынбашы керек. Конституция ой-пикир жана сөз эркиндигин кепилдейт. Ал эми кеп зомбулукка чакырык, кастыкты козутуу же мыйзамды конкреттүү бузуу тууралуу болсо, ага мыйзамда белгиленген тартипте укуктук баа берилиши керек. Мамлекеттин туруктуулугу сындын жоктугу менен эмес, жарандардын ишеними, мыйзамдуулук жана бийликтин ар кандай пикирди уга билүүсү менен камсыздалат. Адамдар мыйзам баарына бирдей иштеп жатканын көргөндө, коомдогу суроолор жана нааразычылык да азаят”, — деп жыйынтыктады депутат.