Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Кыргызстанга жаңы дайындалган Сауд Араб Падышалыгынын элчиси Ияд бин Гази Хакимдин ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, Кайрат Турсункулов элчини дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары да ырааттуу өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Анын ичинде саясий диалогду тереңдетүү, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери каралды.
Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча, өзгөчө Жакынкы Чыгыштагы учурдагы кырдаалга басым жасоо менен пикир алмашуу болду.
Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.
Өз кезегинде элчи Ияд бин Гази Хаким өзүнүн дипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө кыргыз-сауд мамилелерин мындан ары бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын белгиледи.