Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Сауд Аравиясы Кыргызстанга 48 тонна 720 кг курма тапшырды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул жардам карылар жана балдар үйлөрүнө, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына, ошондой эле райондук социалдык коргоо башкармалыктары аркылуу социалдык жактан аялуу жарандарга жана үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.